ЖК жыйынында депутат Аалы Карашев Кыргызстан ЕАЭБге киргени экономикалык көрсөткүчтөрү төмөндөп кеткенине нааразы болду. Анын ою боюнча өлкөбүз мындай интеграциянын терс жактарына гана дуушар болуп келет:
“Бажы биримдигине киргенибизге төрт жылдан ашып баратат, бирок мындай Биримдиктен республика толук кандуу пайда таба элек. Акыркы 8 айдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн алдыңкы өнөр жайы болгон кийим тигүү тармагында экспорт 60%га төмөндөп кетиптир. Эмгек мигранттарынын акча которуулары 10%га кыскарган”, – деди ал.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ