Menu

Текебаев менен Чотоновду соту уланууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-октябрда “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаев менен Д.Чотоновго карата козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму Бишкектин Ленин райондук сотунда уланып жатат. Сот Айнура Сатарова алып барууда. Залга айыпталып жаткандардын 30дай тарапташтары келген. Чотоновдун жактоочусу Таалайгүл Токтакунова жаңы күбө пайда болгонун, 2010-жылдын 13-майында Ошко Чотонов менен чогуу учкан ИИМдин мурдагы полковниги Азат Бектемиров көрсөтмө берүүгө даяр экендигин айтты. Бул сотко Бектемиров атайын Оштон учуп келген.

Сот Сатарова алгач башка күбөлөрдү уккусу келди эле, жактоочулар алгач Бектемировду угуп, анан калган 18 күбөнү угууну суранышты. Бирок сот өтүнүчтү уккусу келбей, тыныгуу жарыялап кетип калды. Бирок бир нече  мүнөттөрдөн кийин сот Сатарова кайра кайтып келди.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: