Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: Товарлардын, тейлөө кызматтарынын жана жумуштардын тизмесин баалары менен ачык көрсөтүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө буйрутма берүү процедурасын бир кыйла жеңилдетет

Бөлүшүү:

Товарлардын, тейлөө кызматтарынын жана жумуштардын тизмесин баалары менен ачык көрсөтүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө буйрутма берүү процедурасын бир кыйла жеңилдетет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик сатып алуулар порталынын электрондук каталогунун бет ачарында билдирди.

Иштеп чыккандардын айтымында, электрондук каталог сатып алуучу уюмдарга потенциалдуу ташуучуларды түзмө-түз табууга, бааларга мониторинг жүргүзүүгө, атаандаштыкты баалоого шарт түзөт. Ташуучулар үчүн сынактык өтүнмө калтырууну, жарым жылда бир жолу алдын ала квалификациялоо мүмкүндүгүн жана каталогго өз продукциясын киргизүүнү жеңилдетилет.

«Каталог кынтыксыз болушу үчүн бардык нюанстарды тезинен иштеп чыгуу керек. Бул ташуучулар үчүн да, сатып алуучу уюмдар үчүн жакшы жардам. Бардыгы алаканга салгандай көрүнөт. Мында баасынын жана сапатынын айырмасын көрүүгө болот. Атаандаштыкты өнүктүрүү жана өз продукцияларын жакшыртуу үчүн товар өндүрүүчүлөргө мыкты өбөлгө», – деп белгиледи Премьер-министр.

Бүгүнкү күнү электрондук каталог толукталып жатат. Тиешелүү товарлар жана тейлөө кызматтар менен толтурулууда. Министрликтер жана ведомстволор дагы кыйла  көп сатылып алынган товарларды жана тейлөө кызматтарын берүү аркылуу чоң көмөк көрсөтүшөт. Ошону менен бирге сурап-билүү кызматы ишке кирди. Андан мамлекеттик сатып алуулардын электрондук порталынын иши, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдар жана башка маселелер боюнча кеңеш алууга болот. Бүгүнкү күнү чалуулардын саны күнүнө 4500гө жетет.

«Электрондук каталог – бул биз үчүн – Өкмөткө дагы жардам. Тигил же бул товарларга болжолдуу бааларын билсек, биз мамлекеттик сатып алууну жүргүзүү үчүн канча сумма зарыл экендигин айта алабыз», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Ал мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү иштерди жакшыртуу үчүн зарыл болгон пункттарды киргизүү менен каталогду жакшыртууну тапшырды. Ошондой эле бул өңдүү электрондук каталогдорду киргизүү боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу керектигин белгиледи.

Маалымдама: «Тандоо» электрондук каталогу 2019-жылы 25-сентябрда ишке берилген. Бүгүнкү күнү алдын ала квалификациялоо жолу менен 45 ташуучу каталог алуу мүмкүндүгүн алышкан. Товардын 315 түрү жайгаштырылган, анын ичинен 135и атамекендик өндүрүшкө таандык.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: