Menu

Бекболот Талгарбеков, экс-министр: “Сурат иним, сиз көп кырдуу талант жана мыкты адамсыз!”

Бөлүшүү:

Урматтуу Сурат замандашым, сиздин 60 жашка чыкканыңызды угуп, кубанычта болдум. Сиз экөөбүздүн жакынчылыгыбыз болбогону менен, дайыма саламыбыз жылуу. Сизди көп кырдуу талант, адамдык сапаттары жогору журналист катары ар дайым сыйлап келгем. Сизди мааракеңиз менен куттуктайын деп атайын иштеген жериңизге келдим. Мен эми бизнесмен же коррупционер эмесмин, «жашылдарды» белек кыла албайм. Бирок сизге өзгөчө, баалуу белек алып келдим. Анда сөз башынан болсун.

Менин үчүнчү атам Адырай (дагы үч бир тууганы менен) XIX кылымдын соңунда Ак-Талаадан ооп, Кочкордун Талаа-Булак деген жеринде турукташып калышыптыр. Адырай атабыз дүйнөдөн эрте өтүп, артында Мамбет, Кулмат деген эки уулу калат. Мамбет чоң атам да эрте каза болуп, Салмоорбек атам төрт жашта, Талгарбек атам эки жашта жетим калышат. Мамбеттин аялы Токтобүбү чоң апабыз жаш жесир калгандыктан, төркүндөрү (азыктар) алып кетишип, башка күйөөгө беришет. Биздин урук (саяктар) намыстанып, Салмоорбек жана Талгарбек атамдарды өздөрүнө алып калышат. Бирок кимдир бирөө аларды асырап албайт. Экөө улам бир бир туугандардын үйүнө көчүп, эптеп чоңоюшат. Жетимдер тирикарак болушат эмеспи. Экөө тең тың чыгышып, өз оокаттарын жөндөп кетишет. Атам Талгарбек 8-классты бүтүп эле колхозго жумушка кирет. Он алты жашынан баштап «учетчик» деген кызматты аркалайт. Он сегиз жашында алгачкы ирет жаңы кийимге жетип, өзүнө чолок тон тиктирип кийет. Ал кезде бул – азыркы жаштар өздүк автомашинага ээ болгонго барабар болсо керек. Ошол убакта колхозго Фрунзеден артисттер келип, концерт коюшат экен. Аларды алп акын Алымкул Үсөнбаев жетектеп келиптир. Концерттин соңунда «Андалек» деген ыры менен он төрт жашар өспүрүм комуз чертип чыгат, элге жагат. Концерт бүткөндө атам Талгарбек ал өспүрүмдү чакырып, «экөөбүз дос болуп жүрөлү» деп үстүндөгү чолок тонун чечип, ага кийгизет. Ал өспүрүм – келечектеги залкар акын Эстебес Турсуналиев экен. Экөө бири-бирин терең сыйлашкан, кыйышпас достор болушту. Эстебес аяш атам коллективи менен биздин айылга көп барчу. Ал кезде мейманкана жок. Клубдагы концерт бүткөн соң баары биздин үйгө келишчү. Замандын залкар инсандары Тууганбай Абдиев, Асанкул Шаршенов, Замирбек Үсөнбаев жана башка көптөгөн артисттер биздин үйдө болушкан. Аяш апам Райгүл да созолонтуп ырдап берчү. Атам Талгарбек 1987-жылы ооруп каза болуп калды. Эстебес аяш атам бизге – Талгарбектин уул-кыздарына баш-көз болуп келди. Биз да аны сыйлап өстүк. Кийин мен ырлар жыйнагын, китебин чыгарып бердим.

Эми сөздүн төркүнүнө келели. 1996-жылы мен Апас Жумагуловдун өкмөтүндө вице-премьер-министр болуп дайындалдым. Ошондо Эстебес аяш атам (Райгүл аяш апам менен) үйгө куттуктап келип, мага комуз белек кылды. Айта кетсем, ал өзү комуз жасачу. Ишенген устасына комуздун тулкусун чаптырып, тетиктерин жасатып алып, анан комузду өзү курачу. Комуздун кылын кой-козунун ичегисинен Райгүл аяш апама чойдуруп, өзү ийине келтиргенин жаш кезде өзүм көрүп калдым. Ошентип, өз колу менен жасаган комузду өтө жакшы сезим, каалоо менен мага белек кылган. Менин музыкага шыгым жок. Алгач кызым комуз черткенди үйрөнүп жүрүп, кийин пианиного өтүп кетти. Уулдарым комузга кызыгышпады. Ошондон бери Эстебес аяш атам тартуулаган комузду көз карегиндей сактап келаткам. Кыялымда аны баалап-барктаган, жакшы черткен, эң башкысы, жандүйнөсү таза, руханий көрөңгөсү терең, адамдык сапаттары мыкты инсанга өткөрүп берсем деп жүргөм. Анан жакында эле Фейсбуктан сиздин комузду шаңкылдатып чертип жатканыңызды көрүп, «аа, Эстебес аяш атамдын комузунун чыныгы ээси табылды!» деген ойго кеткем. Ал комузду сизге эртели-кеч тапшырмакмын. Ал салтанаттуу күн сиздин 60 жылдык мааракеге туш келиптир. Бул тарыхый раритет эстеликти – залкар акын Эстебес Турсуналиевдин өзү жасаган комузун сизге ишенип, белек катары тартуулайм! Сиз татыктуу мыкты адамсыз! Көп жашаңыз!

Бекболот Талгарбеков, экс-министр

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: