Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери далиди бурмалоо жана кызт абалынан пайдалануу фактысы боюнча камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жеке ишкер Роман Пивцовдун бизнесин рейдерлик менен басып алууга аракет болуп, жок кылмышты мойнуна илгенге аракет кылышкан.
2019-жылы февралда аталган кызматтын кызматкерлери жеке ишкердин мурдагы жубайы менен сүйлөшүп алышып, ал айымга акчалай сыйлык убада кылышып, бизнесмендин автоунаасына 32 грамм гашиш салдырып коюшкан. Ошол замат ишкер камакка алынган. Аталган кызматтын Ч.Д. жана Б.У, аттуу кызматкерлеринин жүздөрү эми ачылып, колго түшүп, Бишкектин СИЗО-1 жайына киргизилди. Тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ