Menu

Кримтөбөл Азиз Батукаеевдин бошотулушу боюнча кеңири тараган 11 собол

Бөлүшүү:

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл А.Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинде соттук алдын ала угуулар соңуна чыкты. Сот отуруму 15-ноябрда башталат.

Бул иш боюнча кеңири тараган 11 собол жооп издеп көрдүк.

1. Азиз Батукаев деген ким?

Ал 1966-жылы Токмок шаарында туулган. Этникалык чечен. 1993-жылы Москвадан грузин улутундагы кримтөбөл Датко Цихелашвилинин (Дато Ташкентский) колдоосуу менен кримтөбөл таажысы берилген. 2006-жылы Камчы Көлбаев (Коля Киргизский) таажы алганча, А.Батукаев Кыргызстандагы жалгыз мыйзамдагы ууру болгон. Мурдагы кримтөбөл (таажы берилген эмес) маркум Рыспек Акматбаевдин кан самаган кас-душманы эле. Криминалдык топтордун кыл чайнашкан кырдаалынын туу чокусу 2000-жылдарга туш келет. Акматбаевдин жигиттери А.Батукаевдин бир тууганы Алаудин Батукаев менен күйөө баласы Хаваджи Заурбековду өлтүрүп кетишкен. 2005-жылы Батукаев жаткан №31 колониясында тополоң болуп, парламент депутаты, Рыспектин иниси Тынычбек Акматбаев өлтүрүлгөн.

2. Кримтөбөл эмне үчүн соттолгон?

Азиз Баткуаевдин ысымы криминалдык хроникаларда 1990-жылдын ортосунан баштап чыга баштайт. Ал КР Кылмыш кодексинин ар кандай беренелери менен жоопко тартылган, арасында буйрутма киши өлтүрүүгө катыштыгы болгон.

Акыркы жолу Кыргызстанда ал 2004-жылы курал-жарак жана жардыргыч сактаганы, ошондой эле ден-соолукка оор жаракат келтирүү боюнча соттолгон. Ал төрт жылга кесилип, Молдовановка айылындагы №31 колониясында мөөнөтүн өтөгөн. 2005-жылы бул түрмөдө бунт болуп, тополоң учурунда Тынычбек Акматбаевден тышкары, депутаттын жардамчысы Абдулхамид Алыкулов, ЖКнын эксперти Таласбек Оморов жана Жаза аткаруу мамлекеттик башкармалыгынын төрагасы Акматулло Полотов өлтүрүлгөн.

2006-жылдын августунда Молдовановкадагы тополоңду уюштурган катары А.Батукаев айыпталып, өтөгөн мөөнөтүнө 16 жыл кошулган. 2008-жылы режимди бузганы үчүн дагы эки жыл кошушкан. Дал ошондо аны Нарын шаарындагы №24 түрмөсүнө которушкан. Ал жакта кримтөбөл 2013-жылдын апрелине чейин олтурду.

3. Эмнеге мөөнөтүнөн мурда бошотулду?

2013-жылы анын айыкпас дартка кабылганы анык болот. Башкача айтканда, апрелде ага расмий түрдө “өтүшүп кеткен лейкоз” (кан рагы) диагнозун коюшат. Сот чечими менен түрмөдөн чыгарышып, ал ошол замат Грозныйга (Чеченстан) учуп кеткен.

Жогорку Кеңеште бул боюнча териштүүлөр жүрүп, ызы-чууу болгону менен бардыгы мыйзамдуу болгон дегендей басылып калган.

2014-жылы майда Нарын шаардык соту кримтөбөлдү бошотуу боюнча чыгарылган чечимин жокко чыгарып, кайда экени белгилүү болсо да, Батукаевге эл аралык издөө жарыяланган.

Ал боюнча иш 2019-жылдын январында кайра карала баштады. Алгач Батукаевге диагноз койгон врачтар менен лаборанттар кармалды. Тергөө жүрүшүндө бүтүм чыгарылган анализдер алмашылганы айкын болгон.

Кримтөбөл Кыргызстандан чыгып кетүү үчүн алган паспорту да мыйзам бузуулар менен берилгени кийин ачыкка чыкты.  Мамкаттоо кызматы муну моюндарына алганы менен эч кимиси жоопко тартылбады.

4. Оорусу боюнча дагы кимдер бошотулган?

Кыргызстандын түрмөлөрүндө ар кандай кеселдерден жылына ондогон кылмышкерлер каза болот. Мисалы, 2018-жылы 65 киши, 2019-жылы 23 киши ар кайсыл дарттан өлгөнү катталган.

Соттун чечими менен оор абалдагы түрмөдөгүлөр эркиндик алган учурлар да жок эмес. Түрмөдөгү кишини мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча бир катар оорулардын тизмеси келтирилген өкмөттүн атайын токтому токулган. Буга оор формадагы кара учук, 4-стадиядагы кылкурт (рак), сахар диабети, психикалык оорулар жана башкалар кирет. Анын ичинде А.Батукаевге коюлган “өтүшүп кеткен лейкоз” дарты да бар.

Жакында эле “4-стадиядагы кылкурт” деген диагноз менен №47 колониядан УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов бошотулду. Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча 25 жылга соттолгон.

5. Азиз Батукаев чындап эле ооруп жатабы?

Тергөө бул боюнча так жооп айта элек. Диагноз койгон врачтар менен лаборанттар жоопко тартылууда. Бирок азыркы күнгө чейин кримтөбөл чындап эле ооруганбы же айыгып кеткенби, эч белгисиз.

2013-жылы октябрда эжеси Яха Батукаева интервью берип, иниси өмүр менен өлүмдүн ортосунда катуу абалда жатканын айткан. Анын айтымында, туугандары узак мезгил бою мыйзамдуу бошотууга жан үрөшкөн экен. Ошондой эле инисин чыгарууга жардам бергени үчүн экс-акыйкатчы Турсунбек Акунга 100 миң доллар беришкенин айткан.

Азыр Яха Батукаева жазасын алып, түрмөдө: Орусияда баңгизат сатканы үчүн кармалып, 17 жылга кесилген. Жакында эле Атамбаевдин кылмыш иши боюнча ал аял суракка алынганы маалым болду.

6. Кылмыш иши боюнча кимдер өтүүдө?

Иште көптөгөн жогорку кызматтагы аткаминерлер менен саясатчылардын ысымдары аталган. Бирок көпчүлүгү, анын ичинде Яха Батукаева да айткан кишилер кылмыш ишине тартылбады.

Азыр 19 киши суралып жатат. Анын бешөө чындап эле соттолуп кетиши мүмкүн. 14 кишиге айып пул салынып, суудан кургак чыгышы мүмкүн. Анткени алар тергөө менен кызматташууга кол коюп беришкен.

“Ар бирин камакка алышты, бирок бир нече мезгилден кийин көрсөтмө беришип, кызматташууга кол коюшуп, камактан чыгышты. Бул иш боюнча 15 жылга эркинен ажыратуу каралса да, булар айып төлөп гана калышат”, – дейт Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев.

7. Эмнеге Алмазбек Атамбаевден шек санап жатышат?

Негизги шектелүүчү жана башкы каарман мурдагы президент А.Атамбаев экени талашсыз. Тергөөнүн жоромолунда кримтөбөлдү оорулуу деп таап туруп бошотууга күч түзүмдөрүнө экс-президент өзү буйрук берген. Негизи Атамбаевге коюлган айыптар оголе көп. Эми алар башка кылмыш иштери. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча Атамбаевге Кылмыш кодексинин 43 (чогуу катышуу) жана 319 (коррупция) беренелери боюнча расмий айып коюлган. Буга ылайык 10 жылдан 15 жылга эркинен ажыратуу каралган.

8. Мурдагы президент канча жылга кесилип кетиши мүкүн?

Батукаевдин ишинен тышкары Атамбаев жер тилкелери менен имараттарды сатуу жана сатып алуу боюнча мыйзам бузуулар, Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыз кылуу, жылуулук борборду модернизациялоодогу коррупция, кен иштетүүгө берилген лицензиялар боюнча айыптар коюлууда. Ошондой эле жоокерлерди барымтага алуу, жоокерди өлтүрүү, тополоң уюштуруу боюнча да шектелүүдө.

Жалпы жонунан мурдагы президент 129 жылга кесилип кетиши мүмкүн. Бирок мыйзамга ылайык, бардык кылмыштарды кошкондо, 20 жылдан ашык берүүгө болбойт.

9. Атамбаев сотко катышуудан баш тартса, аны эмне күтөт?

Атамбаев өлкө башында турганда, сот системасында реформа өткөрүп, эми бизде эң адилеттүү жана гумандуу сот орногонун баса белгилеп калчу. Анан эмнеге азыр сотко келгенден баш тартып, өзү дайындаган соттордон качып жатат, өтө эле табышмактуу.

Соттук алдын ала угуулар башкы каармансыз өттү. Атамбаев өз камерасынан чыгуудан баш тартты. Күч менен алып барганга эч кимиси батынбады. Сот колун жайып тим болду. Мындай окуя бизде болуп көргөн эмес. Эми ноябрдан баштап кылмыш иш толук кандуу карала баштайт. Ал жабык түрдө болору да жар салынды. Ошондо конвоирлер экс-президентти сот залына күч менен алып келеби, жокпу – белгисиз. Жактоочусу С.Слесарев сот күч менен алып келгенге укугу жок, мыйзамсыз болуп калат дейт. Ал эми “Адилет” укуктук клиниканын юристтери тескерисин айтып жатышат. Алар мыйзамга казык сайып көрсөтүп, эгерде айыпталуучу УКМК СИЗосунун кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбесе, күч менен сотко алып барууга мыйзам жол берерин айтышууда.

10. Александр Машкевичтин кандай тиешеси бар?

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Кыргызстандагы өкүлү А.Накиспековдун расмий катынан белгилүү болгондой, Азиз Батукаев Кыргызстандан ARKAS HAVACILIK түрк авиакомпаниясынын учагында чыгарып кетишкен.

Учакты кабыл алган жана тейлеген “Анилия” компаниясын экс-вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун уулу Данияр жетектеген. Депутаттаык комиссиянын иликтөөсү боюнча «Анилиянын» дагы бир ээси – CIM KG INTERMEDIARY ЖЧКсы, ал казакстандык олигарх Александр Машкевичке тиешелүү.

11. Өмүрбек Текебаевдин кандай тиешеси бар?

Эч кандай тиешеси жок.

KyrgyzToday.kg кыргызчылады

Булак: 24.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: