Menu

Аликбек Жекшенкулов орустардын “Коммерсантъ” гезитине маек берди

Бөлүшүү:

Орус журналисттери эмдиги жылы Кыргызстанда Орусия жылы деп жарыяланганын эске алып, биздин элчиге орус-кыргыз мамилелери жөнүндө суроо узатышкан. Ал маекте Аликбек Жекшенкулов эки өлкөнүн соода катышы 1,9 млрд долларды түзгөнүн, кыргыз экномикасына орус инвестициясы 150 млн доллар салганын, республикада 600 орус-кыргыз ишканасы иштегенин, толук орус капиталы менен бизнес кылган 300 компания бар экенин айткан. Ошондой эле кызматташуу боюнча 40 келишимге кол коюлуп, 500дөй орусиялык компания 6,5 млрд рублди түзгөн инвестициялык жана экспорттук келишим түзгөнүн келтирет.

КР президенти Сооронбай Жээнбеков орус инвесторлоруна ыңгайлуу климат түзүүгө жан үрөп жатканын, эки тараптуу экономикалык долбоорлорду жеке көзөмөлүнө алганы баяндалат. Анын бир мисалы, Талас облусундагы “Жерүй” алтын кенин иштеткени жаткан “Альянс Алтын” компаниясы көңүл борборунда экен. Анын башында турган «Русская платинанын” башчысы Муса Бажаевди биздин президент ар дайым кабыл алаарын, бул долбоор 372 млн долларды түзөөрүн айткан.

Ошондой эле 500 млн доллар капиталы бар орус-кыргыз Өнүгүү фондунун ишине да кенен токтолгон. Фонд 2037 долбоорду каржылап, 369,5 млн доллар бөлгөн. Эң ири кредит – 17 млн доллар Бишкектеги “Азия Молл” соода борборун курууга берилген экен.

Кыскасы, элчибиз орус-кыргыз достугун даңазалап, Орусия ар дайым Кыргызстандын эң башкы өнөктөшү болоруна басым жасаган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: