Menu

Орусияда кыргыз мигранттардын түйшүгү башкалардан жеңилби?

Бөлүшүү:

«Тhе Diplomat» журналы Казакстандагы Нурсултан Назарбаев атындагы университеттин профессору Кэррис Шенктин Орусиядагы мигранттарга байланыштуу интервьюсун чыгарды.

Окумуштуу мигранттардын расмий органдар менен мамилеси, Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдөн барган жумушчулар баштан кечирген кыйынчылыктар сыяктуу маселелерге кенен кайрылган. «Орусиядагы мигранттар бийликтин эрежелери менен мыйзамдарын көз жаздымдан чыгарбашы керек. Мындан тышкары, Орусиядагы мамлекеттик органдардын өз ара байланышы начар болгондуктан иш уруксаты же дагы башка расмий документтер эбегейсиз чоң тоскоолдуктар менен алынат. Бирок миграция саясаты жалаң эле Орусияда катаал эмес. 2015-жылда өзгөргөн орус мыйpамдарына ылайык Борбор Азиядан барчу мигранттардын санына чектөө коюлбайт. Миллиондогон мигранттар ай сайын Орусиядагы салык төлөө, анын дүмүрчөгүн чогултуу, каттоого туруу сыяктуу иштер менен кыйналышат. Бир эле дүмүрчөк табылбай калса, мигрантты депортациялаган учурлар көп. Евразия Экономикалык Биримдиги мигранттардын акыбалын жеңилдете алган жок. Ошентсе да, жергиликтүү мыйзамдарга үстөмдүк кылган учурлары бар. Биримдиrке кирген кыргыз мигранттардын акыбалы өзбек, тажиктерден айырмаланып жеңилирээк. Ушундан улам Орусияга көп кыргызстандыктар агылууда. Бирок биримдик убада берген социалдык, медициналык камсыздоодон кыргыз мигранттары азырынча куру жалак калып жатышат. Жалпылап айтканда, Орусиянын мигранттарга карата саясаты өтө эле татаал», – деген профессор.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: