Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Баткен облусундагы өкмөт өкүлүнөн билдиришти.
Чындыгында, тажик тарап өз аракетин Кыргызстан менен макулдашкан эмес. Бул ылдамдык чектегич төрт кошкон жолго орнотулган: бир жол – Баткенге, экинчиси – Ак-Сайга, үчүнчүсү – Лейлекке, төртүнчүсү –Тажикстанга алып барат. Коңшу өлкөнүн бийлиги Ош-Баткен-Исфара эл аралык жолунда көп кырсык болорун айтып кутулган. Кандай болгон күндө да, алар кыргыз тарап менен макулдашууга тийиш эле.
“Мындан тышкары КР менен ТРнын Коопсуздук кеңешинин катчылары жолуккан протоколго ылайык, Кыргызстан ал чегарадагы чөлкөмдү 49 жылга ижарага алган. Демек, тажик тарап биздин жерге ылдамдык чектегичти мыйзамсыз орнотуп олтурат”, – дешти Баткен обладминистрациядан. А буга өкмөт эмне дейт?
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ