Menu

Сооронбай Жээнбеков Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгарууну колдойт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышына байланыштуу салтанаттуу иш-чарада Күрп-Сай ГЭСине мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгаруу идеясын колдой турганын белгиледи. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Энергетиканын юбилейин белгилөө учурунда Турдакун Усубалиевди эскерип кетүү абзел. Анын Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна кошкон салымы баа жеткис. Ошол үчүн аталган станцияга Турдакун Усубалиевдин ысмын берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Мен бул чечимди колдодум», — деп баса белгиледи  Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле өлкөнүн бардык ГЭСтерин курууга катышкан Кыргыз Республикасынын Баатырлары Акбаралы Кабаевге, Курманбек Арыковго ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн энергетиктерин быйылкы жылы белгилене турган Кыргызстандын энергетика тармагынын 85 жылдык юбилейи менен куттуктады. Алардын ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирди жана аларга бекем ден соолук, астыга койгон максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: