Ооганстандын Коргоо министрлиги өкмөттүк армия Тажикстан менен чек арадагы Кундуз чөлкөмүндөгү Даш-и Арчи районун «Талибандан» кайтарып алганын билдирди.
Ооганстандын атайын күчтөрү 12-октябрда райондун борборуна чабуул коюп, «душмандын таянычын жок кылышты», деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. Анда каршылаш тарап чоң жоготууларга учураганы, ооган күчтөрүнө АКШ аскерлери колдоо көргөзүшкөнү да айтылды.
Даш-и Арчи району 2015-жылдан бери талибдердин көзөмөлүндө болуп келген. «Талибан» түндүктөгү стратегиялык жана экономикалык жактан маанилүү Кундуз провинциясын колдон чыгарбоого аракет кылууда. Кыймыл борбор шаар Кундузду мындан 4 жыл мурун ээлеп алган. Ошондон бери калаа бир нече жолу чабуулга туш болгон.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ