Menu

Эки жыл эмне берди? Же Сооронбай Жээнбековдун президенттикке шайланышынын эки жылдыгына байланыштуу ойлор

Бөлүшүү:

Ушул жумада Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайланганына эки жыл толду. Алдыда дагы толук төрт жылдык убактысы бар. Демек, алдын ала ченелген, мыйзамда каралган өлчөлүү жолдун жарымы да али бүтө элек!..

Ошентсе да, айрым бир алдын ала чыгарылган жыйынтыктарды жасап, артта калган убакытка, баскан жолго кылчайып карап, азыноолак саресеп салуу ашыктык кылбас. Анан калса, байыркы, акылман кыргыз элибизде адеп алгачкы кадамды таштагандан кийинки эле жышаан-белгилерди боолголой турган накыл кептер да бар эмеспи. “Ал аттанганда эле ээрге кыйшык олтурган болчу!” — деген сымал…

Бул өңүттөн алып караганда, Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка олтурушунан тартып, азырга чейинки иштерине көз салсак, олуттуу алешемдиктерди, көңүл калтырган чалагайым жоруктарды көрө албайбыз. Ушуга эле шүгүр дейлик. Андай дебеске айлабыз да калган жок. Анткени, мурдагы ашкере мас болуп алып, ырдап, бийлеп-чардап, ойлонбой-тантырап, ар кыл былжыраган майда жана кыжыр кайнаткан жоруктары менен гана элдин эсинде калышкан президенттердин фонунда караганда — жалгыз ушунун өзү деле оңой эмес жетишкендиктей сезилери мүмкүн.

Башка элдердин, мамлекеттердин президенттеринин катарында, эл аралык аренада Кыргызстанды эгемен өлкө катары татыктуу көрсөтсө экен деген тилек орундала баштады. “Эми болгону ушундай адам болсо, эмне кылабыз?!” -деп, какшык-шылдыңдоолор аңтылбай калышынын өзү эле чоң ийгилик катары кабылданат. Баягы эле, “сүткө оозун күйгүзгөн – айранды үйлөп ичет” дегендей бир кеп да!..

Ал эми олуттуу талдоо аркылуу карап, Кыргызстандын азыркы абалын учурдагы дүйнөлүк геосаясий кырдаал фонунда баалап, өлкө жетекчилигинин элге айткан сөздөрү менен алардын иш жүзүндөгү аткарылыш жагдайларынын айкалышына баам салсак, өзгөчө шаңданууга деле анчалык жүйөөлүү негиздер жоктугуна ынанабыз!..

Туура, артта калган эки жылдык мөөнөттө жасалган иштерге кылчайып, эсте калган, же бараандуу деген жагдайлар менен фактыларга сереп салып карап көрсөк, Кыргызстаныбыздын азыркы ахыбалы айрымдар пессимисттик маанайда баалашкандай, анчалык деле жаман эмес экендигине ынанууга болот. Ал тургай, айрым бир аз да болсо, оң жетишкендиктердин белгилери да байкалууда.

Алардын эң башкысы – саясий стабилдүүлүк экендигинде эч шек жок. Себеби тээ акаевдик антинародный бийликке эл нааразычылыгы башталган кезден баштап эле, же конкреттүү бир датаны атай турган болсок – Аксы окуяларынан бери эле! – элибиз да, өлкөбүз да саясий чыңалуудан, чыр-чатактардан арыла албай келе жаткандыгын билебиз. Перманенттүү түрдө уланып жүрүп олтурган андай жагдайлар, акыры элдик революция менен аяктагандыгы маалым. Андан кийин эми элдик бийлик орноду, эми башка нерселерге алаксыбай, биротоло өнүгүү жолуна түшөбүз го деп үмүт артып турган кезде, “Акаевди түштүктүктөр кулатып, президенттик бийликти тартып алышты!” – деген региондор аралык чагымчыл-үгүт жүргүзүү алдында бүтпөгөн митингдер башталган…

Кечээ жакында деле дал ушундай (эң акыркы, жең ичине катып алган көзүр картаны пайдалануу!) аракет кайталангандыгына кайрадан күбө болдук. “Досумду түрмөгө тыгуу мен учүн деле оной болгон жок. Көп кайгы тарттым, ичимден кыжаалат болдум” – деген мааниде билдирүү жасаган Сооронбай Жээнбеков ошондой сыноолордон туруктуу өтө алды. Салабаттуу, олуттуу-калбаат мүнөз күтүп, өзүн сыртынан ырааттуу, оңой сезилгени менен да, үңүлө караганда, маңызы боюнча ички чыңалуулардан куралган, ирим алдындагы коркунучтарга толгон кырдаалдан кылдаттык менен эч жаземдебей, ишенимдүү аттап өтө алды!..

“Владимир Путин менин досум” – деп улам ыгы келсе да, келбесе да кайталап жүргөн Алмазбек Атамбаев парламент тарабынан экс-президент статусунан ажыратылган соң, камалар алдында Москвага баргандагы кырдаал абдан мүнөздүү мисал боло алат. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин: “Азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун айланасына чогулуп, анын ишине жардам берип, колдош керек” – деген гана кыска, өтө сылык жана өтө терең маанидеги сөздөрү менен Алмазбек “досун” кайра Кыргызстанга узатып жиберди…

Андай акыл жукпаган соң, чоочун немецтик-фашисттик баскынчыдан коргонгонсуп, Кой-Таш айылындагы үйүндө дзотко кирип алып, чыкпай коем деген Атамбаевдин жоруктарынын кийинки кесепеттерин кайталап олтуруунун да кереги жок. Арийне, түндүк-түштүк картасын эң соңку көзүр катары жең ичинен сууруп чыгып, Фархад Баабиев сымал айрым дөдөй, алжыган тарапкерлери Атамбаевдин бийликке кокусунан гана келип калган, жалпы элдик, өлкө масштабында ой жорууга жөндөмсүз адам экендигин биротоло ашкереледи.

Ушул сыноолордун баарынан эч кандай терс эмоцияларга алдырбай, бир сырдуу калыпта өтө билүүнүн өзү эле Сооронбай Жээнбековдо өтө терең, бекем ички руханий-духовный, инсандык потенциал катылып тургандыгынан кабар бергенсийт. Президент Жээнбековдун утурумдук ар кандай кыйынчылыктарга моюбай, көздөгөн максатка карай ар кандай чоң жана кичине тоскоолдуктарга карабай умтула берүү, мүмкүн болушунча стабилдүүлүккө умтулуу, ойлонулбай жасалчу чечимдерден алыс болуп, колдон келишинче жети өлчөп, бир кесүүгө аракет жасашы ачык байкалууда.

Асыресе, буга чейинки президенттерге салыштырмалуу алганда, Шавкат Мирзиёевдей чечкиндүүлүк, энергиялуулук жетишпей тургансыйт. Өзбек президенти коррупция менен күрөшүүнү чечкиндүү баштап, мурдагы генералдык прокурор жакында эле он сегиз жылга түрмөгө тыгылды. Айта кете турган нерсе – Кавказда Армения менен Грузияда союз учурунда деле “акчага баарын сатып алса болот!” – деген обывателдик философия үстөмдүк кылса, Орто Азия республикаларынын ичинен өзбек улутунун менталитетинде паракорчулук, сатуу-сатып алуу, соодалашуу (жогорку бийликтен баштап – бардык деңгээлде!) биротоло аң-сезимге орногондой болгон… Эми ошол системаны биротоло сындырып, башка өңүткө өткөрүү аракетинин өзү эле чоң эрдик экендиги айкын.

Ал эми биздеги коррупция менен күрөшүү улам солгундап, мурда соттолгондор четинен бошотулуп, айрымдары акталып, кээ бирлери узак мөөнөттүү түрмөдө бир жыл толук олтура элегинде эле, колония-поселениеге (200 миңдоллар пара алган Генералдык прокуратура жооптуу кызматкери Кылычбек Арпачиев сымал!) чыгып жатышат. Ал эми колония-поселение деген эмне экендиги маалым. Биздеги укук коргоо кызматкерлеринин арасынан берчүңдү берип кой да, Турциядагы, Аравиядагы курорттордон кээде “мен тирүүмүн” деп телефон чалып турсаң болду, мен сени колония-поселениеде жүрөт деп белгилеп коё беремин дечүлөр четтен табылат!.. Кечээ жакында мурдагы чекист Муратбек Иманкулов мындай көрүнүштөр коррупция менен болгон күрөшүүнү шылдыңдоо деп билдирди. Бул пикирди жалпы элдин кыжырдануусу катары кабылдоо зарыл…

Албетте, өзүнөн кийинки шайланган айрым президенттерге караганда Сооронбай Жээнбеков кыйла эле тың, чечкиндүү жана көрөгөч сыяктуу да болуп көрүнөт. Баары салыштырмалуу демекчи, картая баштаганда күнүмдүк майда иштерден жедеп тажап, “Коопсуздук Кеңешинин төрагасы” деп, азыркы формадагы “аталык” сыяктуу, саясий карт бөрү Нурсултан Назарбаевдин көзү тирүү турган чагында, жаңы шайланган казак президенти Касым-Жомарт Токаев эч кандай өз алдынча фигура боло албасы бышык. Касым-Жомарт Токаевге салыштырмалуу алып караганда, Сооронбай Жээнбеков азыркы кезде абдан олуттуу тажрыйба топтоп, президенттик кызматтын ички-тышкы жагдайларын, көмүскө сырларын жеткиликтүү өздөштүрүп, перспективалуу багытка карай – кандайдыр бир чоң секирик болбосо да, олуттуу өсүү алдында тургансыйт. Ал эми кечээ жакында эле Украина президенти болуп шайланган мурдагы шоумен Владимир Зеленский сыяктуу “совсем зеленыйларга” салыштыруунун да зарылдыгы жок! Бекеринен ал эң алгачкы эле олуттуу сыноого туш болгондо (Штайнмайердин формуласы боюнча Донбасс менен Луганскиде шайлоо өткөрүү боюнча), “эгерде эл мени колдобосо, мен бийликтен кетүүгө даярмын!” — деп билдирген жок. Инаугурациядан кийин эки ай өтө элегинде!.. Демек, ага салыштырмалуу, эки жыл – кыйла эле олуттуу мөөнөт. Кайрадан президент Жээнбековдун тушундагы позитивдүү жагдайларды иргеп алганга өтсөк. Кыргызстан дүйнөлүк геополитика алкагында акырындап өзүнүн туруктуу ордун табуда. Президент Сооронбай Жээнбеков да КМШ жана дүйнөлүк алака күткөн өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын арасында абройлуу, бараандуу орунду ээлеп, Кыргызстаныбыз кичинекей, жакыр өлкө экендигине карабай, ага карата теңсинбей коюу, үстүртөн мамиле кылуу сыяктуу белгилер байкала элек.

Дагы бир өтө олуттуу фактор. Азырынча Сооронбай Жээнбековдун өзүнүн да, анын үй-бүлөсүнүн да, жана да жакын туугандарынын да бир дагы шектүү ишке аралашкандыгы тууралуу эч кандай маалыматтын жоктугу да кубанта турган жагдай болуп саналат. Анткени, англичандар “отсутствие новостей – это уже хорошая новость!” деп айтышмакчы, мурдагы президенттер жана алардын үй-бүлөлөрүнүн алдым-жуттум жоруктарынан көңүлү калган коомчулук, кыйлага чейин дагы кандай шумдук-жосунсуз жоруктарга туш болот экенбиз деп, шекшине, саксына кулак түрүп, абдан этиет болуп жашап келди. Чынын айтканда, бул жагынан караганда, эми гана биротоло көңүл тынчыгандай боло баштады!..

Бул фактор экономикалык-коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүдө чоң өбөлгө, күчтүү курал экендиги түшүнүктүү.

…Июль айынын жыйынтыгы боюнча ар бир Кыргызстан жараны 698,3 доллар карыз экен. 2019-жылдын 31- августуна (эгемендик күнүнө карата!) Кыргызстандын карызы $4 миллиард 469,22 миллион долларга (же, 311 миллиард 980,73 миллиона сомго) жетиптир!

Ушул сырткы карыздардын геометриялык прогрессия менен, укмуштай тездикте өсүп бара жатканын көрүп, эриксизден жакаңды карманууга аргасыз болосуң. Эгерде атамбаевчил маанайдагы жолду улантуучу исаков-кулматов сыяктуу (азыр коррупционер-жегичтер катары айыпталышып, темир тор артында сот өкүмүн күтүп олтурушкандар!) бирөөлөр келсе, мындай саясий-башкаруучулук улантуучулук карапайым элдин моюнуна артылган эле оор, оңолгус түйшүккө айланып, азыр алитөрөлө элек урпактарыбыздын келечегине биротоло балта чабылмак. Азыркы 700 долларга чукулдап калган киши башыңа түшкөн карыз алиге чейин эбак эле эки-үч эселеп кетмек!

Сыртынан абдан чынчыл, формалдуу түрдө мыйзамды бекем сактаган адамдардай (азыр мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди да эч жылчыксыз, “баарын мыйзамдуу” кылып туруп, медициналык “керектүү” атайын заключенилер аркылуу, кыл жип менен бууп, иш бүтүрүшкөндөй!) түр көрсөтүшүп, иш жүзүндө миллиондогон долларларды эл энчисинен “мыйзамдуу” жолдор менен кытып алышып жүрө беришмек. А карапайым элчи? Албетте, алардын көбү: ТЭЦ бүттү, үйүбүз жылуу, мурдагыдай электр энергиясынын каатчылыгы сезилбей калды! – деп компоюшуп, балдарынын-небере-чеберелеринин келечеги уурдалып жатканын туйбай, баарына кайдыгер карап, тим болушмак.

Арийне, элдин баары эле эмес. Анча-мынча өйдө-ылдыйды, акка-раны аңдагандар элди талап-тоноп, бул үчүн бөлүп-жарып, керек болсо өз ара каршы коюуга да даяр турган бийликке каршы-ачык күрөшкө чыкмак. Ошентип, баягы эле бейстабилдүүлүк, бүтпөгөн революциялар-төңкөрүштөр сценарийлери уланып жүрүп олтурмак!..

Сооронбай Жээнбековдун эки жылдык бийлиги башаламан коом деле алдыдагы жарыкты көрсөтүп, оң багытка жол баштап кете ала турган лидер табылса, жалпы эл да, коомчулук да ошол багытка карай ыктай баштаарын далилдеп жатат. Азыркы президенттин ишине олуттуу баа берүүчү учур – ал ашуудан биротоло ашканда, же бийликте олтурганына үч жыл өткөн соң башталары анык. Азырынча олуттуу багыттар гана аныкталды.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: