Menu

Имангазиева Венера: “Кыргызпатент кызыктуу долбоорлорду колдоого даяр”

Бөлүшүү:

Кыргызпатент интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин органы болуп эсептелет, анын милдеттерине интеллектуалдык менчиктин бардык объектилери боюнча укуктук коргоо берүү жана кызыкдар болгон жактар менен бирдикте республикада инновациялык ишти өбөлгөлөөнүн механизмдерин иштеп чыгуу киргизилген. Азыркы учурда Кыргызпатент “Мыкты инновациялык стартап” Республикалык сынак жарыялоодо. Ушул боюнча Кыргызпатенттин алдындагы ойлоп табуучулук ишти жана чыгармачыл демилгелерди өбөлгөлөө жана колдоо көрсөтүү багытында иш алып барган Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун өкүлү Имангазиева Венера Мэлисовна кеңири маек берди.

– Венера Мэлисовна, сынактын негизги максаты эмнеде?

– Сынак инновациялык технологияларга жана ойлоп табуучулукка кызыгууну жогорулатуу, инновациялык ишмердүүлүккө дем берүү жана активдештирүү, ошондой эле өнүгүп келе жаткан рынокту илгерилетүү жана экономиканы жакшыртуу максатында өткөрүлүүдө.

Мындан сырткары Сынактын катышуучулары жеке бизнести өнүктүрүү боюнча тренингке, бизнес-план жазуу боюнча сунуш-кеңешмелерди алууга жана бизнес боюнча инвесторлорду жана өнөктөштөрдү табууга мүмкүндүк алат.

– Стартап-долбоор эмнени билдирет, кыскача айта кетсеңиз?

-Жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен айтканда, стартап – бул жакынкы келечекте пайда табуу максатында түзүлгөн жаңы бизнес-долбоор. Бирок, жаңыдан түзүлгөн бизнес-долбоорлордун баары эле стартап атала бербейт. Эң негизги өзгөчөлүгү – буга чейин иштеп жаткан долбоорлордун көчүрмөсү эмес, жаңы, оригиналдуу идея болушу керек.

Белгилүү болгондой, стартап-долбоор, бул намыскөй, инновациялык идеялары бар ишмердүүлүк долбоору жана келечектүү өнүм. Кайсы болбосун стартаптын идеясы, дүйнөдө мурда мындай болбогон жаңычылдыкта, жаңы өнүмдө, жаңы технологияда болуп саналат.

Мисалы, эгерде сиз масштабдуу социалдык тармак түзүүнү чечсеңиз ал стартап деп аталбайт, анткени, андай долбоорлор көп.

Бизнес идея дегенде: унаа жуучу жай, кафе же бала бакча сыяктуу нерселерди элестетебиз. Бирок, идея деген бул – көйгөй. Айлана-чөйрөдөгү маанилүү муктаждыктарга көз жүгүртсө, керектүү бизнеаи таап баштаса болот.

— Сынакка кимдер катыша алышат?

-Катышууга технологиялык өзгөрүүлөр менен байланышкан, Кыргызстанга артыкчылык берүүгө жардам бере турган мыкты идеялары бар жеке жаратмандар, ошондой эле долбоордук топтор чакырылат. Эрезеге жете элек жаштар дагы сынактын катышуучусу боло алат.

– Байге фонду тууралуу айтсаңыз?

-Сынактын жеңүүчүсүнүн бир стартап-долбоорун ишке ашырууга 500000 (беш жүз миң) сомго чейин бөлүнөт. Финансылык каражаттар бизнес-моделге ылайык долбоорду ишке ашыруунун шарттары каралган Келишим түзүлгөндөн кийин кайтарылбас негизде бөлүштүрүлөт.

– Стартаптын бизнес-модели эмнени билдирет?

-Ишмердүүлүктүн концептуалдык сыпаттамасы, башкача айтканда бизнес-процесстерге өз ара байланышкан бардык системалардын ишмердүүлүгүн толук көрсөтүүгө жана талдоого арналган, бизнес жөнүндө жөнөкөйлөтүлгөн сунуштама.

– Сынактын өткөрүү тартиби боюнча айтсаңыз?

-Долбоорлор социалдык мааниге жана инновациялык мүнөзгө ээ болууга тийиш. Сынакка катышуу үчүн, катышуучулар тарабынан долбоордун актуалдуулугу жана практикалык маанилүүлүгү, максаттары жана милдеттери, инновациялык, экономикалык же социалдык жаңычылдыгы, долбоордун ишке ашыруу этабы, күтүлгөн натыйжалары ж.б. көрсөтүүгө тийиш болгон өтүнмөнүн формасы толтурулат.

Өтүнмө – бул курулай кагаз эмес, долбоор тууралуу маанилүү маалымат экенин унутпоо зарыл.

2019-жылдын 31-декабрына чейин Бишкек ш., Москва көчөсү 62, же [email protected] электрондук дареги боюнча Сынактын катчылыгы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду кабыл алат. Ошондой эле, өтүнмөнү электрондук түрдө толтуруп берсе дагы болот.

Сынактын биринчи туру 2020-жылдын январь айында өтөт. Катчылык өтүнмөнүн стартап-долбоорунун коюлган максаттарына жана милдеттерине жана бизнес-моделди
иштеп чыгуунун сапатына дал келишине алдын ала тандоону жүргүзгөн Конкурстук комиссияны түзөт.

Сынактын Катчылыгы биринчи турдан өткөн катышуучулар үчүн менторлорду тартуу менен ишкердиктин негиздери боюнча жана финансылык менеджмент боюнча семинар-тренинг уюштурат.

2020-жылдын март айында Катчылык кесипкөй эксперттерден турган Калыстар тобун түзүп экинчи турду өткөрөт. Калыстар тобу Катышуучунун көрсөтүүгө 5 мүнөттөн ашык эмес убакыт берилген бетачарын угат.

Андан соң, Катчылык менторлорду жана өнөктөштөрдү, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү тартуу менен бизнес-пландаштыруу, маркетингдик көндүмдөр жана питчинги боюнча окутуу уюштурат.

2020-жылдын апрель айында үчүнчү тур – Конкурстун финалы өтөт. Сынактын финалисттери Калыстар тобунун жана инвесторлордун алдында стартап-долбоорун коргошот. Сынактын жеңүүчүлөрү жөнөкөй көпчүлүк ачык добуш берүү жолу менен белгиленет.

Алдын ала тандоонун жыйынтыгы, экинчи турдун жыйынтыгы жана Сынактын жыйынтыгы Кыргызпатенттин жана ИМ Мамфондунун сайттарына жайгаштырылат.

– Сынак өнөктөштөр менен биргеликте өткөрүлөбү?

-Кыргызпатент мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип адамдарды технология жана ишкердик менен байланыштыра алган өзгөчө укмуштуу стартаптарды таануу жана сыйлоо демилгесин көтөрүп,«Мен Кыргызстанга инвестициялайм» коомдук бирикмеси,«ВРN» Бизнес-Академиясы,«КGLABS» коомдук фондусу, Россия-Кыргыз өнүгүү фондусу, «Энактас Кейджи Тимс» коомдук бирикмеси, «Ассеlеrаtе Рrоsреritу» коомдук фондусу жана Кыргызстандын ишкерлер союзу менен бирикти.

Сынак боюнча кенен маалымат (Жобо жана өтүнмөнүн формасы) www.patent.kg. www.patent.kg сайттарына жайгаштырылган. Байланыш телефону: 0312 68 04 71

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: