«Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн каражаттан үнөмдөлгөн суммага эки ГЭС — Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтери толук жаңыртылат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышы менен таанышууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Президент Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө 100 млн. доллардан ашуун каражаттар үнөмдөлгөнүн белгиледи.
Бул өткөрүлгөн тендерлердин ачык-айкын, адилет болгону дүйнөлүк гигант-компаниялардын атаандаштык менен конкурска катышканына байланыштуу болду. Муну донорлор сатып алуулардын ачык-айкындыгын көрсөткөн жакшы мисал катары баалашты.
«Үнөмдөлгөн каражаттарды сметалык баасы 160 млн. доллады түзгөн Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого жумшоо чечими кабыл алынды», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ