Menu

Парламент тараса деле, аягына чейин отурса дагы тыянак чыкпайт

Бөлүшүү:

Минтебиз, тигинтебиз дегенден азыр деле эч кандай майнап чыкпайт. Эгерде чындап эле натыйжалуу жыйынтык чыкса алда качан тескери кийилген “көлөчтөрдү” оң кийгизип оңолуп кетмекпиз. Ошондуктан жөнү жок эле тырактаганыбыз жарабайт. Парламент мөөнөтүнөн мурда тараган күндө да, акырына чейин иштесе деле карапайым калкка пайдасы жок. Ошондуктан ар кимибиз өзүбүздүн мээнетибиз аркылуу жаныбызды бакканыбыз оң. Ал эми колу боштор, жолу кенендер билген намазын окуп, каалагандай чарк айлана беришсин.

Ооба, таптакыр туңгуюкка кептеген парламентке туш келгенибизди тынбай айтып келатабыз. Бирок ошондон не майнап чыкты? Элитанын каймактарына кандай таасирибиз тийди? Эч кандай. Алар баягысындай эле өтүгүн тескери кийип алып той-тамашалардын көркүн ачып жатышат. Керек болсо орусча ырдап, индусча бийлеп, жөөттөрчө элдин башын айландырып, ого бетер жандана башташты. Маңыроо болуп калгандарды алдап, эмитен шайлоонун шарапатына баш оту менен кирип алышканы бекерден эмес. Болгону кайрадан мандат алуунун амалында күйүгүп чуркап жүрүшөт. Буга чейин эле мындай көрүнүш болуп келген, боло да берет.

Партиялык тизме аркылуу шайлоону өткөрүүгө алда качан көндүм болгонбуз. Бул ирет дагы ошол жолду кайрадан бийликтеги лөктөр тандап алары бышык. Анткени ичиндеги быкы-чыкыны эл толук билүүгө шарты болбойт. Демек, кайра эле ириген, чириген байлар, базарчылар, олигархтардын жакындары, шылуундар мандатка “татыктуу” болорун аттуу, баштуу эле кишилер айтып жатат. Ал тургай азыркысынан да жаман “илдеттүүлөр” келип калат деп бүшүркөп жатканын көрүп ичиңен коркпой койбойт экенсиң. Ошондо элге кооптуу болгондор кимдер деген суроо сөзсүз берилет. Ошол эле “Кыргызстан” партиясын тегеректегендер, “Мекеним Кыргызстандын” айланасына чогулгандар, “Улуу Журтту” түзө салгандар, “Республикадан” качкысы келгендер, “Өнүгүүнү” өндүргүсү келип опурулгандар десек акыйкаттыкка жакындайт.

Майда-чүйдө партиялардан бирден, экиден талапкерлерди тандап тигил кыйындар тизмеге киргизээри турган иш. Баягыл көкүрөгүн керген, катылган жоонун азабын берген фаворит КСДПнын түбүнө жетишти шекилди. Башкы колдоочусу жок партиянын мындан аркы кадамдарынын дабышы деле угулбай калат сыяктуу. Өкүнүчтүүсү- мурдагы качып кеткен падышалардын партияларынын кейпин кийип каларында десек аша чапкан болбойбуз. Ушул партиянын амири менен бийликке келип, бети майланышкан, курсагы челейген, мансап күткөн далай атка минерлер эми кумга оозун толтуруп  алгансып үн-сөзсүз отурушканы каңырыкты түтөтөт. Эң артта калып болсо да парламентке илешип жүргөн “Ата Мекен” партиясынын карааны деле кичирейип баратат. Антсе да кийинки шайлоонун жарышына катышууга аракети болбойт десек реалдуу болбой каларын кыстара кетели. Саясий күрөштө “тебелендиде” калган коммунисттер партиясы шайлоого барбасын баштыгы Исхак Масалиев деле танбайт. Жалгыз өзүн дагын кошуп алар киши табыларына күмөнүбүз бар. Капчыгы бош адамды ким жанына жолотмок эле?

Айтор, шайлоонун күмөн санаткан жосундарына кекиртегибизге чейин тойсок деле баары бир өнөктүк өтөт дечи. Бирок, анын аягы кандай “түскө” боелорун азырынча айта албайбыз. Негизи ар кандай ыйкы-тыйкылар, чыңалуулар, бийликти алмаштыруулар шайлоонун адилетсиздигинен келгенин дагы бир ирет эсибизге салып коелу. Ага карабай эле мандаттан көзү өткөн “сугалактар” азыртан эле “жорго салыштарын” баштап жиберишти. Тарапташтар иргелип, уюштургучтугу аркылуу айыл-апага таанылгандар топтолуп, команда түзүүгө чыкырыктар ташталды. Албетте, оболу капчыктуулардын кыймылы байкалууда. Кардын дурус тойгуза албагандардын акылы болгону менен каражаты жок болуп буйдалып турушканы жалпыга маалым. Демек, жарышка акчалуу байлар, эпчил банкирлер, мал-келдүү манаптар түшөт. Окумуштуулар, идиректүү жаштар, төрдө отуруп, устукан алууга кызыктар болгон карылар сүрөөчү катары кызматын өтөп беришет. Башка жаңы ачылыштар болбойт окшоп калды кайра эле…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: