Menu

Ташиевге оомат кайра келеби?

Бөлүшүү:

Шайлоонун дүбүртү катуулап кетип баратат. Чабал өрдөктөр эртелеп учуп алса, кабелтеңдер чээнден башын чыгара элек. Антсе да кимдин келтейген мурду каяктан чыгары боюнча уламыштар айтыла калып жатат. Демек, саманды жөн жерден Самаркандан учурушпаса керек деген ойго кептелесиң.

Арийне, генерал болгусу келбеген ефрейтор болбойт демекчи саясаттан изи көрүнүп калгандар жетинчи чакырылышта кызыл килемден өткүсү келип турганы жөндүү эле. Ошентсе да бул жолку “кармашуу” катаал болору эмитен эле сезилип калды десек жаңылбайбыз.

Ушул ирет “Ата Журт” партиясы эч кимге жармашпай өз алдынча шайлоого барарын Камчыбек Ташиев коомчулукка билдирди. Негедир Бабановдон көңүлү калгандай түр көрсөттү. Баары бир ич кеткен соң баштагы абалга келиши кыйын го. Ошентсе да 2010-жылкы шайлоодо алдыңкы орунду камсыз кылган партия кайрадан эзелки ооматын кайрый алабы деген ийри суроо жатканы ырас. Анткени мурдагы үзөңгүлөштөрүнүн айрымдары башка тарапка жылып кетишти. Көз караштар кыйла өзгөрүүгө тушукту. Бир жагынан Камчыкенин финансалык абалы мактанарлык деңгээлде эмес. Каражаттуу достордун деле бирпаста мүнөзү өзгөрүп кетээрин ал жакшы билип калды. Айтор, ташыркабай эле чуркап марага жетерин билдирүүгө жараган Ташиевдин ак көңүлдүгү өзүнө айгак болбосо экен. Ошонусунан ал далай ирет жабыркабады беле…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: