Menu

Ташболот Балтабаев, экс-депутат: “Мен президентке мактагандарды кагып коюуну сунуштайт элем”

Бөлүшүү:

-Ташболот агай, Ахматбек Келдибековдун президентти “журт атасы” дегени коомчулукта түрдүү кабыл алынып, бири колдосо, бир сындап жатат. Келдибеков бул сөздү кандай максатта айтты деп ойлойсуз?

– Президентке кандай баа берүү ар бир адамдын өз эрки. Андан саясат жасоонун кажети жок. Мисалы, мен президентти эл тарабынан алты жылга жалданган башкы менеджер деп эсептейм. Алты жылдан кийин өзгөчө пенсионер болуп калат. Журт атасы деген өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн түбөлүктүү тарыхта кала турган сый-макам болушу керек. Сооронбай Жээнбеков мүмкүн келечекте ошондой баага татыктуу болуп, Келдибековдун баасын актап кетээр…

– Айтканыңызга ынаналы, шайлоону утурлай президентти айга, күнгө теңөөнү адатка айландыргандар көбөйүп кетпейби?

– Эми атын айтсаң адам капа болот. Андыктан жалпылап эле айтайын, бизде саясатта ФЛЮГЕРЛЕР абдан көбөйүп кетти. Мен президентке мактагандарды кагып коюуну сунуштайт элем. Бийликти мактаганды, рекламалаганды мамлекеттик маалымат каражаттары да токтотушу керек. КТРди карап отурсам Нарында 700 метр жолду асфальттаганын көрсөтүп мактап жатат. Мындай нерселер бийликтин аброюна шек келтирет.

– Коррупция менен күрөш эл күткөндөй жүрүп жатабы же тандалма жүрүп жатабы?

– Коррупция менен күрөштө көзгө көрүнгөнү – Сооронбай Жээнбековдун кечээки партиялаштары, болгондо да өзү менен чогуу жүргөн жакын соратниктери негизги коррупционерлер экендигине эл күбө болуп жатат. Ошондуктан КСДПнын атынан жана анын жогорку жетекчилигинин атынан өлкөнү карызга батырганы үчүн мамлекеттик каражатты чоң көлөмлө уурдаганы үчүн элден кечирим сурашы керек. Кыскасы, “а” дегенден кийин “б” деш керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: