Menu

Сооронбай Жээнбеков: Балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, карыларга кам көрүү – коомубуздун негизин түзгөн асыл наркыбыз

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-октябрда Кыргызстандын социалдык коргоосунун жана кесиптик бирликтеринин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу социалдык коргоонун жана кесиптик бирликтердин кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын социалдык коргоосунун жана кесиптик бирликтеринин кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздердин эмгегиңиздер, ар бир адамга жана анын үй-бүлөсүнө боорукерлик менен  кам көрүүгө багытталган ишиңиздер ак ниеттүүлүктү, сабырдуулукту жана мээримдүүлүктү талап кылат.

Адамга жылуу мамиле кылып, анын түйшүгүн бөлүшүп, көйгөйүн чечүүгө көмөктөшүп, Сиздер коомдо кадыр-барк таптыңыздар.

Адамдын потенциалын өнүктүрүүдө жана бакубаттуулугун камсыз кылууда мамлекетке көрсөткөн көмөгүңүздөр абдан чоң мааниге ээ.

Калкты социалдык коргоону ишенимдүү жана сапаттуу деңгээлге чыгаруу — узак мөөнөттүү артыкчылыктуу багытыбыз болуп эсептелет.

Балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, карыларга кам көрүү — коомубуздун негизин түзгөн асыл наркыбыз болуп кала берет.

Социалдык коргоо системасынын кызматкерлери талыкпай эмгектенип, өлкөнү өнүктүрүүгө олуттуу салымын кошот деп ишенем.

Кесиптик бирликтер — мамлекеттин жооптуу жана ишенимдүү өнөктөшү, өлкөнүн экономикалык турмушуна жана эмгек чөйрөсүнө жигердүү таасир тийгизген жаратман күч.

Сиздердин билимиңиздер, тажрыйбаңыздар мындан ары да өлкөбүздүн эмгек потенциалын ийгиликтүү коргоого жумшалат деп терең ишенем.

Урматтуу социалдык коргоонун жана кесиптик бирликтердин кызматкерлери!

Сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайм. Эмгегиңиздердин акыбети кайтып, ишиңиздер ийгиликтүү болсун.

Сиздерге бекем ден-соолук, ийгиликтерди каалайм!».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: