Menu

Видео – Ашырайым Акматова, профессор Ташманбет Кененсариевдин жубайы: «Ташманбет биздин ишеничтүү тообуз»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-октябрда, «Манас жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясында тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин 70 жылдык мааракесине жана 50 жылдык илимий ишмердигине арналган «Манас таануунун, кыргыз таануунун жана Ата Мекен тарыхынын актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция профессордун 20 жыл эмгек кылган «Кыргызстан оторчулук доорунда» (1855-1917-жж.) китебинин бет ачаары менен башталды. Аталган конференцияга казак, өзбек, кыргыз тарыхчылары жана депутаттар катышышты.

Мындай иш-чараны «Манас жана “Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын” президенти Топчубек Тургуналиев ачкан соң, «Кыргыз тарых коому» эл аралык коомдук бирикмесинин президенти Тынчтыкбек Чоротегин Т.Кененсариевдин «Кыргызстан оторчулук доорунда» (1855-1917-жж.) китеби жөнүндө баяндама жасады.

Бул иш-чарадагы куттуктоолордо профессор Ташманбет Кененсариевдин жубайынын да аты аталып, макталып жатты. “Азаматтын ак таңы – алган жары өмүрүн улап турган – балдары» дегендей, агайдын өмүрлүк жары,  филология илимдерин кандидаты, профессор Ашырайым Акматованы кепке тартып, балдарын, агайдын мүнөзүн жана китеп жазууда эмнеден кыйналганын сурадык. Ашырайым айым жубайынын китептерин редакциялаганын жана орус терминдерин кыргыз тилине оодарганын айтып берди. “Башында илимий стилге өтүүдөн бир аза кыйналган. Биринчи эмгегин орус тилинде жактаган да, орус тилинен кыргызчага которуп, жазуу кыйын болгон, тагырагы, орусча терминдерди которуу кыйын болгон, мен которуп жүрдүм. Азыркысы жакшы жеңил которулду”,- дейт А.Акматова.

Ашырайым Акматованын жолдошу жөнұндө айткандарын төмөндөгү видеотасмадан көрсөңүз болот:

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: