Menu

Видео – Кубан Мамбеталиев, профессор: «Азыр Мелис Эшимкановдой мыкты редактор жок. Ал эми эң мыкты журналисттер – Нарын Айып, Эсенбай Нурушев, Замира Сыдыкова”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-октябрда, Бишкекте “21-кылымдагы Борбор Азиядагы массалык-маалымат каражаттары” аттуу басма сөзгө арналган тегерек стол болуп өттү. Ага белгилүү коомдук ишмерлер, журналисттер катышып, ММКлардын күнгөй- тескейин айтып, коомдогу ордун сөз кылышты. Ошондой эле “21-кылымда журналисттер кандай болуш керек, эмне кылыш керек?” деген маселени талкууга алышты.
Ага катышкан профессор Кубан Мамбеталиевди кепке тартып, азыноолак маек курдук. Ал азыр интернет сайттардын доору сүрүп жатканын жана журналисттердин макала жазуудагы кесипкөйлүгү, чеберчилиги жана этикасы тууралу кенен айтып берди.
“Азыр ыраматылык Мелис Эшимкановдой мыкты редактор жок, ал эми журналисттерден мыкты журналист 67 жаштагы Нарын Айып, ал өзү кесиби боюнча физик болгону менен мыкты журналист болуп чыкты. Журналист жомок айтпаш керек, болгон чындыкты айтып, жазуусу керек. Ошондой эле Эсенбай Нурушев мыкты аналитик-журналист, Замира Сыдыкова мыкты журналист катары тарыхта калды”, – дейт Кубан Мамбеталиев. Ошондой эле бийликтин телевидениелерин, гезиттерин сынга алып, аларды кыскартып бир эле гезит калтыруу керектигин айтты.
Кубан Мамбеталиевдин маегин төмөндөгұ видеотасмадан көрүңүз:

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: