Menu

Кубан Мамбеталиев, профессор: “Журналисттер текшерилбеген ыплас материалдарды жарыялабаш керек. “Азаттыктын” калпын 5-канал тез эле чыгарып койду”

Бөлүшүү:

“Сөз эркиндигин, ойдун эркиндигин эми Кыргызстанда эч ким тыя албайт”, – деп билдирди профессор Кубан Мамбеталиев 19-октябрда Бишкекте өткөн “21-кылымдагы Борбор Азиядагы массалык маалымат каражаттары” аттуу тегерек стол учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
-Бирок, ошентсе дагы журналисттерге өздөрүнүн кесиптик этикасы боюнча дооматтар айтылууда…
-Албетте, бирок ал журналисттин ички тартиби, ар бир системанын өзүнүн ички тартиби болот. Мисалы министрликтерде, алардын милдети макоо мыйзамдарды чыгарууга жол бербөө керек, кесиптик этика деп коёт. Журналисттерде деле ошондой, ички этиканы сактоо керек – ыплас материалдарды чыгарбоо керек. Ыплас деген бул текшерилбеген материал, же болбосо бирөөнүн акчасын алып, буйрутма менен жасаган материалдар, же болбосо өзүнө функционалдык таптакыр тиешеси жок, мисалы мына, “Азаттык” жанагы Матраимовдор жөнүндө жазып жатышпайбы, “$700 млн чыгарып кетти, бул өлкөдөн каржылык активдерди чыгаруу” деп жазып коюшту. Бул “Азаттыктын” милдети эмес, “Азаттык” муну иликтей да, аткара да албайт, колунан келбейт. Тез эле 5-канал “Азаттыктын” калпын чыгарып койбодубу. Бирок 5-канал деле мындай иликтөөнү жасай албайт. Алтургай Каржы министри же прокурор, Премьер-министр да жасай албайт. Муну бир эле киши жасай алат – ал Президент. Бирок Президент эл аралык Финансылык группа менен келишим түзүш керек. Алардын штаб-квартирасы Лондондо жайгашкан. Келишим түзгөндөн кийин ал финансылык группа келип бул жерде иликтеп, 1,5 жыл иштегенден кийин Кыргызстандан акыркы 30 жылда чыгарылып кеткен акчалардын баарын таап берет. Ошондо биз жанагыдай $700 млн чыгарылып кетти деген материал фейкпи же жокпу деп олтурбайбыз, же Гуревич $30 млн деп бир айтат ага ишенебиз, анан $6 млн деп бир айтат, анан $4 млн болуп калат, ал келдиби же жокпу, анын баары жокко чыгарылып, так айтылат. Келсе акча миллиарддап келет. Чыгарылып кеткен акча миллиарддап кетет. Ошол Финансылык группа Саддам Хусейн Ирактан чыгарып кеткен акчаларды таап, кайтарып берген. Милошевич чыгарып кеткен акчаны кайтарган. Башка шылуундар чыгарган акчаларды кайтарып берип келатат. Ошондо биз тазаланган өлкөлөрдүн тизмесине киребиз. Муну мен Лондондо элчи болуп иштеп жүрүп билдим. Асмандан жомок айтып жаткан жокмун. Журналисттер жомок айтпаш керек. Билгенин айтыш керек. Билесиңби айт. Өзүң ошол айткан сөзүңө туруктуу туруп бере аласынбы? Ошону айткандан корпойсунбу? Ошондо айт! Жокпу, анда билбесең же чала билсең айтпай эле кой”, – деди Кубан Мамбеталиев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: