Menu

Автотранспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди

Бөлүшүү:

Автотранспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Мамлекеттик каттоо, транспорт каражаттарын,  түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле менчик укугун кайра каттоону бекиткен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирди:

– юридикалык жактар үчүн автотранспорт каражаттарына техникалык талон берүү жоюулду;

– транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн өзгөчө белгилерине “биргелешкен ээси” жазылып, ал транспорт каражатынын ээсинин каалоосу менен электрондук маалымат базасына катталат;

– чет элдик жарандар үчүн автотранспорт каражаттарын каттоо процедурасы жеңилдетилет;

– ар бир транспорт каражатына, түзүмгө жана жабдууларга уникалдуу жеке номер берилет, андагы бардык тийиштүү маалыматтар электрондук базага киргизилет;

– бардык каттоо иш-аракеттери жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номер, ал эми юридикалык жактар үчүн идентификациялык салык номери аркылуу жүргүзүлөт.

Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 «Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук жана тракторист-машинист күбөлүктөрүн берүүнү эрежелери» жөнүндө токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

– айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда транспорт каражатын башкарууга убактылуу талон берүү тажрыйбасы жоюулду;

– медициналык маалымдаманын мөөнөтү 1 жылга чейин узартылды;

– чет элдик жарандар үчүн, башка мамлекеттин айдоочулук күбөлүгүн алмаштырам десе, теориялык жактан сынак тапшыруу процедурасы жоюулуп, сынакты транспорт каражаттарын башкаруунун эрежелери боюнча тажрыйба жүзүндө тапшырат;

– окуудан өткөнү тууралуу күбөлүк бар болсо, ал электрондук маалымат базасына киргизилбейт;

– бардык каттоо иш-аракеттер жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номерк менен жүргүзүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: