Menu

Кытайлык уйгур ишкер Хуфур Абдурахеманды өлтүргөндөр кармалып, камалды

Бөлүшүү:

 Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, 37 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмүнө шектелип 8 адам 18-октябрда кармалып, анын төртөө күбө катары сурак беришкен.

Кылмышка негизги шектүү катары кармалгандар (Нарын облусунун 1964-жылы туулган К.Э. аттуу тургуну, Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган Ш.У. аттуу тургуну, Ысык-Көл облусунун 1990-жылы туулган Б.К. аттуу тургуну жана Казакстандын 1986-жылы туулган Д.В.) Бишкек ШИИБнин абагына камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдөн ишкердин өлүмү тууралуу маалымат алынган, ишкер өлтүрүлүп, Нарын облусундагы Кочкор районунун аймагына көмүлгөн.

Эске сала кетсек, ишкер Хуфур Абдурахмен  4-октябрда өзүнүн машинасы менен Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынан чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Аны туугандары издеп, 5-октябрда анын жоголгону тууралуу Свердлов РИИБге И.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 37 жаштагы агасы Хуфур Абдурахмен 4-октябрда, саат 18:00 чамасында «Мадина» базарынан «БМВ Х5» үлгүсүндөгү унаа менен үйүнө кеткен боюнча жоголгон.

Арадан аз өтпөй анын ак түстөгү «БМВ Х5» унаасын кара түскө боёп сатуу аракети болгон, анын артынан түшкөн милиция Сосновкадан унаа Таласка айдалып баратканда кармашкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: