Menu

Лондондо Назарбаевдин небереси бир жылга шарттуу кесилди

Бөлүшүү:

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин Улуу Британияда жашаган 28 жаштагы небереси Айсултан Назарбаев Лондон соту тарабынан бир жылга шарттуу кесилди. Бул тууралуу Би-Би-Си кабарлады.

Өкүмгө ылайык, Айсултанга 18 айлык сыноо мөөнөтү берилип, 140 сааттык коомдук жумуштарды аткаруу жазасы чегерилди. Мындан тышкары ал маңзатка болгон көз карандылыктан арылыш үчүн атайын сабактарга барып, 1300 доллардын тегерегиндеги айып пул төлөшү керек болот.

Соттун билдирүүсүнө караганда, Айсултан Назарбаев быйыл 5-июнда маңзат чегип алып, полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алардын бирөөсүнүн колун тиштеп алган.

Айсултан Назарбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы, Сенаттын учурдагы төрайымы Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин экинчи уулу. Ал Британиядагы Падышалык аскердик академияны аяктаган. Кийин Казакстанга келип Футбол федерациясын жетектеп турган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: