Menu

Саламат Токтосунов, тамада, ырчы: “Нарын шаардык маданият үйүнө директор болуп бекидим”

Бөлүшүү:

Өнөрлүү адам кандай гана кесипти аркалабасын баары бир көкүрөгүндөгү көксөөсү чыгармачылык деп турганда айланып эле чыгармачыл чөйрөгө келе берет экен. Буга миңдеген далилдерди мисал кылууга болот. “Өнөрлүү өлбөйт” дегендей өнөрү бар адамдар эч качан жерде калбайт. Алар ар тараптуу болушат. Эл алдында өнөрүн тартуулагандан ырахат алышат. Ансыз жашоосу супсак жана кунарсыз өтүп жаткандай кыжалат болушат. Аны ичинен буюктурган нерсе бул талант. А талантты катсаң да ташты жарып чыгат эмеспи. Мына ушундай элге өнөрүн тартуулап турмайын жан дүйнөсү тынч албаган таланттуу инсан менен баарлаштык.

– Чыгармачыл чөйрөдө атаандашуу өсүүгө алып барат. Бул сезим сага да тааныш болсо керек?

– Атаандашуу чыгармачыл чөйрөдө гана эмес, бардык тармакта бар. Өнөр инсандарынын атаандашуусу алар эл көзүндө жүргөнү үчүн ачык билинип ка-лат. Бирок атаандашуу өсүүнүн эң мыкты жолу. Ар дайым бири-бирибизди карап өсүп, бири-бирибизди карап түздөнөт экенбиз. Андыктан мен атаандашуунун пайдалуу жагына көп ыктайм. Албетте бул сезим мага тааныш. Өзүм теңдүү же менден алдыда жүргөндөрдү карап түздөнөм, өсөм, чыйралам.

– Тамадалык да өнөрүңүз бар эмеспи. Тамада жалпы элге жакканы жакшы. А элге жагуу өтө оор иш. Кээде жактырбай калгандары болсо керек?

– Ар бир иштин оор-жеңили болгондой, тамадалыктын да жыргалы менен убайы бар. Бардыгына жага албайбыз албетте. Бирок ушул күнгө чейин элибиздин жакшылыктарында кызмат кылып келе жатам, бир дагы той ээсинен жаман алып бардың деп нааразы болгонун уга элекмин. Бардыгы ыраазы болуп узатышат. Ушул ырыскыбызды кудай кут кылсын. Элдин көңүлүн алганга болгон аракетти кылабыз.

– Алдыдагы пландарыңыз тууралуу да айта кетсеңиз…

– Эми алдыга койгон пландарым көп эле. Чекесинен ишке ашып келе жатат. Жакында эле жакшы сыйлыктар менен сыйландым. “Жылдын ардактуу инсаны”, “Сахна жылдызы” сыйлыктары менен сыйландык. Жакшынакай кызматка ээ болдук. Эмне кызмат экенин тагыраак айта кетейин, Нарын шаардык маданият үйүнө директор болуп бекидим. Буюрса баары чекесинен орундалып келе жатат…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: