Menu

Жагдай мурдагыдан ыңгайлуу…

Бөлүшүү:

Учурдагы бийликтин “куурчак” оюндары ар кандай нукта жайылтылып жатат. Улуттук коопсуздук комитети тарабынан таралган маалыматтардын көбүнө ишеним кетти. Маселен, Өмүрбек Бабанов аэропортко келди дегиче колуна кишен салынып абийинин жанынан орун алат деген “сигнал” карандай калп болуп чыкты. Бабанов келмек түгүл каалаган убагында Москвага учуп, кайра келип тойлоп эле жүрөт эч кимди тоотпой. Көңүлүнө төп келсе орусча ырдап коет тойлордо “публиканы” козгоп. Ал эми суракка болсо барганы менен ошол жердин лөктөрү менен кофе ичип, алардын ашказанын ысытып кайра эле чарчагандай түр көрсөтүп чыгып келгени кызыктай суроолорду жаратууда. Кимдин “диңгилдиң” черткен “комузу” болсо ошонун эле доораны сүрө берет турбайбы деген аныктамага чекит коюлду. Айтор, табышмактын жандырмагын кыйын чечмелегендер деле жайына келтирүүгө таасири жетпей калды десек неге болбосун?

Күз келгенде же болбосо кырдаал бираз өзгөрүүгө туш болгон сайын дагы бир качып жүргөн “арстан” кыймылдай баштайт. Иии билдиңерби, сөз ким жөнүндө болуп жатканын. Ошол Мелис Мырзакматовдун “коңгуроо каккычы” дагы кырылдай, бырылдай баштады. Анткени бир кезде ылымсанатып койгон “кумири” Өмүрбек Текебаев кайрадан бул эргулдун бүйүрүн кызытып койду. Эгерде жакын ишенген кожосу акталып кетсе Мекең зыпылдап учуп келер бекен? Сөздүн ток этер жерин айтканда эгерде суу жүрөктүгүн койуп өлкөгө учуп келсе ага деле “кол” салынбастыр? Себеби, кырдаалдын буроолору солкулдап турат. Шайлоо алдында опураң, топураңдын бийликке кереги жок да. Ансыз деле камакта азыр кылкылдагандардан орун жок. Болгону Бабанов сыяктуу Манас аэропортуна колдоочуларды арбын топтоого аракет жасалышы кажет. Кан кудасы Гаипкулов сараңдык кылбай шатырата жашылбайларын сапырып жиберсе Мелис шоп этип Кыргызстанга кол чаптырып кирип келет. Болгону “серыйларга” ишаарат берип коюш жетиштүү. Ошентсе да маселе Мырзакматовдун өзүндө жатат. Чыныгы “кара дөө” болсо оттон, суудан, мокок балтадан коркпой келиши керек. Антпесе “чийден чыккан” кыздын ролундагыдай чет жерде үргүлөп, куса болуп жүрө берет.

Булак:  «Ачык сөз»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: