Menu

Назира Жетигенова, алып баруучу, куудул: “Куудулдарга карата айтылган сындарга кошула да, каршы чыга да албайм”

Бөлүшүү:

– Ноябрь айынын башында «Алина» тобу концерт бергени жатыпсыздар, сөзүбүздү ушул концерт туурасында баштасак.

– Ооба, «Алина тобуна 25 жыл» деген аталыш менен 5-6-ноябрда Бишкек шаарыбызда чоң программадагы концерт бергени жатабыз. Концертти «Алина» тобунун кийинки мүчөлөрү болгон Фарида Карбосова, Мирлан, Нурлан жана мен төртөөбүз уюштуруудабыз. Азыр концерттин даярдыктары менен чуркап жүрөбүз. Программалар, сахна жасалгасы, ырдала турган ырлар, катыша турган ырчылардын тизмесин түзүп, айтор даярдык үстүндөбүз. Буюрса, концерт жогорку деңгээлде өтөт деген үмүтүбүз бар.

– Бул концертти уюштуруунун максаты эмнеде же «Алина» тобун кайра жандандыралы деп жатасыздарбы?

– Туура, ар бир берилген концерттин максаты болуш керек. Биз ушул кезге чейин топтун атынан чөң концерт бере элек экенбиз. Албетте, буга чейин концерттер, гастролдор көп эле болгон, бирок ырчы Алина Жетигенованын жеке концерти деген ат менен концерт берип, биз катышып турчубуз. Бул жолу топтун атынан бергени жатабыз. Себеби топто эмгек кылып элге таанылган ырчылардын баскан жолун, жетишкен ийгиликтерин элге көрсөтүүнү туура таптык. Ал эми топту жандандыруу туурасындагы ойлор азырынча жок. Жөн гана өз күйөрмандарыбызга жакшы кече тартуулап, ошону менен бирге «Алина» тобунун сахнадагы жасаган эмгеги катары эсте калган эстелик болсун деген максатта уюштуруп жатабыз. Себеби бул концерт телевидениеге тартылып сакталып калат.

– «Алина» тобунун сахнада жүргөнүнө 25 жыл болуптур, ошол жыл аралыгында топ канча ырчыны сахнага тарбиялап чыгара алды?

– Атагы чыгып эл оозуна алынып, чыгармачылыкта ийгиликтерге жетишип жаткандарды айтсам, азыркы концертти уюштуруп жаткан Мирлан, Нурлан, Фарида жана мен. Төртөөбүз тең чыгармачылыкта өз жолубузду таап, аздыр-көптүр күйөрман топтоого жетише алдык. Албетте, бизге чейин да ырчылар болгон. Алардын кандай ийгилик жаратып жатканын жана топто жалпысынан канча ырчы тар бияланып чыкканын эжемден сурасаңар толук айтып берет. Мен өзүм менен бирге иштеп, бирге жүргөндөрдүн ийгиликтерин гана билем.

– Концертиңиздердин кандай өзгөчөлүктөрү болот?

– Ал жагы азырынча сыр болсун. Келген эл биздин көп кызыктарыбызга күбө болөт. Эң башкысы ыр менен эле чектелбейбиз. Концертте күлкү да, бий да, сатира да баары болот. Жаңы ырларга, сатираларга караганда эски эл сүйгөн ырлар менен сатираларга басым жасайлы деп турабыз.

Мени элге биринчи куудул катары тааныткан өз калемиме таандык «Айылдык кыз» деген сатираны кайра ойногону жатам. Себеби ушул сатира
менен элге таанылып, сахнага кадам таштагам.

-А азыр сатираларды жазып жатасызбы?

– Азыр менде чыгармачылык кризис болуп жатат окшойт. Такыр эле сатира жаза албай жатам. Анын үстүнө азыркы коомдогу абал да мыкты сатира жазганга мүмкүнчүлүк түзбөй жатат окшойт. Себеби сатира да, анекдот да эл ичинен алынат эмеспи. Азыр элдин көпчүлүгү эле негативге ыктап алган. Баарыбыз эле ачуулуу, оройбуз. Кыскасы позитив аз. Күлкүлүү окуяларга караганда кайгылуу, жүрөк ооруткан көрүнүштөр көп болууда. Анан ушундай коомдо кандай сатира жазылат.

– Сатира жазбай жатышыңыздын дагы бир себеби алып баруучулукка ыктап кеткениңизде болуп жүрбөсүн?

-Балким, мен акыркы убактарда алып баруучулукка көп убакыт бөлө баштадым. Тамада болуп тойлордо да иштеп жатам. Эл менен иштегенде чарчап да калат экенсиң. Чынында сен айткандай сатира жазууга убакыттын аздыгы да себеп болуп жатат окшойт. Бирок акыркы күндөрү менде ыр жазууга шык пайда болуп жатат. Негизи мектепте окуп  жүргөндө ыр жазчумун. Кийинчерээк ыр жазбай калдым эле, кайра ошол талантым ойгонуп, азыр ырлардын саптары оюма келип жатат. Тилекке каршы, кагаз, калем жок кезде эргүү келип ырларымды жаза албай жатам.

– Азыр коомчулукта куудулдарга болгон сын-пикирлер көп болууда. Сиз ошол сындарга кошуласызбы?

– Элдин баарына жагыш кыйын. Замандын агымы менен куудулдук өнөр да өз форматын өзгөрттү окшойт. Бизге чейинки куудулдар такыр башкача болсо, биз башка элек, азыркы жаштардын сөздөрү, сатиралары, жүрүм-туруму да такыр башка. Коомго карата чыгармачыл адамдар да өзгөрөт экен. Ошондуктан сын-пикирлерге каршы чыга да, кошула да албайм. «Калк айтса калп айтпайт» дегендей, ырас эл айтып жатса чындыгы бардыр… Биздин сынчыбыз, колдоочубуз, угарманыбыз, күйөрмандарыбыз да эл эмеспи. Элдин сынына карап түздөнүүгө аракет кылабыз да.

-Сиз ырчы да, тамада да, алып баруучу да, куудул да болуп көрдүңүз, сизге кайсы өнөрдү аркалаган жагат?

– Куудул болуу оюмда деле жок болчу. Куудулдукка кокустан келип калдым десем болот. Мектепте окуп жүргөндө актриса болгум келчү. Кийинчерээк ырдайм дедим. Ырдайм десем Алина эжем «Менин атымдын арты менен элге оңой таанылгың келип жатабы, ырчы болуу үчүн талант керек, анын түйшүгүн көтөрө билүү зарыл. Ырчы болуш эле сага жеңил бекен, сен ырдай албайсың» – деп урушуп койду. Ошону менен демим сууп отуруп калдым. Бирок болбой эле эжемди ээрчип жүрүп сахнага чыктым. Эжемдин сөзү катуу таасир эткен экен, азыр тойлордо ырдап калганым менен ыр жаздырып, клип тарттырып эл алдына алып чыкканга батына албай отурам. Ал эми сенин сурооңо мындай деп жооп берет элем, чыгармачылыкты сүйгөн адамга өнөрдүн баары артык. Мага ырчылык да, куудулдук да, алып баруучулук да жагат.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: