Menu

Видео – Бакытбек Мамытканов айыл чарба минстрлигинин “былыктарын” (кызмат орду сатылаарын) айтып, министр Эркинбек Чодуевди дебатка чакырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-октябрда Жайыт,  мал чарба жана балык чарба департаментинин мурдагы жетекчиси Бакытбек Мамытканов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин фойесинде журналисттерге жыйын өткөрдү. Анда ал министр Эркинбек Чодуев өзү кызматташууга чакырып алып, андан көп өтпөй аны кызматынан жүйөөсүз эле алып салганын, арызды мажбурлап жаздырганын жана кызмат орунду сактап калуу үчүн акча берилээрин ачык эле айтып салды.

Менин жумушка келгениме үч ай гана болгон, бул кызматка мени министр Эркинбек Чодуев өзү чакырган. Мен командировкада жүргөндө кызматтан алышыптыр, аны кечээ жакында эле кулактандыруу кылышты. Бул деген министр Эркинбек Чодуевдин кезектеги алдамчылыгы. Кызматтан кетүүмдүн себебин министрдин кеңешчисинен сурасам,  ал: “Биз үч айда өзүбүздү көрсөтөбүз”,- деп премьер-министрге айтып келгенбиз, көрсөтө алган жокпуз”,-деп, аны менен катар менин чогулушта күлгөнүмдү айтты. “Министр айыл чарбасын билбесе күлөм да»,-дедим. А чынында министр Чодуевде айыл чарба боюнча  түшүнүк деген таптакыр жок. Мен ушул маселе боюнча бул кишини  дебатка чакырып, баарын айтып берет элем. Кызыгы, мага буга чейин айтышкан: “Сиз биртике тыйын берип коюңуз, болбосо иштен кетесиз”,-деп. Ишенген эмесмин, көрсө чын экен, бу жерде “отметка”, “собр” деген бар экен”,-дейт Б.Мамытканов. Ошондой эле ал кызматтан жүйөөсүз алганы үчүн соттошо турганын айтты.

Бакытбек Мамыткановдун айткандарын толугу менен төмөндөгү видеотасмадан көрө аласыздар:

Б.Мамытканов: “Министр бетине деле айтам”,-деп чогуу иш бөлмөсүнө барсак, министр ордунда жок болуп чыкты. Кабылдамадагы секретарь кызы анын Жогорку Кеңеште экенин деп айтты. Министрдин кеңешчиси Акылбек Исаков да кабылдамага келип, “министр Жогорку Кеңеште, Бакытбек Мамытов айтып жаткан жайыттар боюнча маселе комитетте каралып жатат”,-деди. “Жогорку Кеңеште болсо, мен дагы ушунун баарын айтам”,-деди Б.Мамытканов.

Эске сала кетсек, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев бул кызматта иштеп жатканына 6 ай гана болду. Аны министрлик кызматка премьер-министр М.Абылгазиев 28-майда сунуштаган, анын сунушун парламент 29-майда жактырып, колдоп берген. 30-майда президент С.Жээнбеков токтомго кол койгон. кызматка кирип жатканда 19-июнда, президенттин катышуусунун алдында парламентте ант берген.

Мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев экспортко байланыштуу сын-пикирлерден жана маалыматтык технологиялар жаатындагы жетекчилер кызматтык ишеним көрсөтпөөдөн улам кызматтан алынган. Чынында азыркы министр Эркинбек Чодуевге да сын-пикерлер көп. И баса, министрлик кызматка Бакытбек Мамыткановдун талапкерлигин коомчулук көрсөтүп, социалдык тармакта колдошкон.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: