Ош окуясы боюнча өмүр аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров №18 колониясынын башчысы К.Трусбековдун үстүнөн арызданып, ачык кат жазып, аны эл аралык уюмдар менен журналисттерге жөнөткөн.
Анын айтмында, колониянын башчысы ички режимди буздуң деген шылтоолор менен тууган-туушкандары жана жакындары менен жолукканга уруксат бербей жатыптыр.
Башка соттолгондор да ушундай абалда экен. Аларды айнек тосмодон көрүштүрүп коюп эле, жолугуу бөлмөсүнөн киргиздирбей жатыптыр.
“Менин неберелерим келген, мени кучактагылары келип, ыйлап-сыктап, кыйкырып эле жатып калышты. Мен чыдабай айнекти бир муштап жибердим. Ошондо мени күч менен кармап алышты. Акыры темир тордун ары жагынан көрүшкөнгө уруксат беришти. Ошондон кийин гана Н.Трусбеков шашылыш түрдө атайын жолугушуу бөлмөсүн уюштурду. Ал мени жек көргөндүктөн, атайын мага каршы аракеттерди көрүп жүрөт”, – дейт Аскаров өз катында.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ