Menu

Видео – Асылбек Исаков, айыл чарба министри Эркинбек Чодуевдин кеңешчиси: “Бакытбек Мамыткановдун айткандары калп, бизде кызмат орду акчага сатылбайт»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-октябрда Жайыт,  мал чарба жана балык чарба департаментинин мурдагы жетекчиси Бакытбек Мамытканов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин фойесинде журналисттерге жыйын өткөрдү. Анда ал министр Эркинбек Чодуев өзү кызматташууга чакырып алып, андан көп өтпөй аны кызматынан жүйөөсүз эле алып салганын, арызды мажбурлап жаздырганын жана кызмат орунду сактап калуу үчүн акча берилээрин ачык эле айтып салды.

Мындай катуу билдирүүдөн кийин, министрдин да өз чындыгын угалы деп кабинетине барсак жок экен. Кабылдамадагы кызы шефи Жогорку Кеңешке кеткенин айтты. Ал кыздын айтканын министрдин кеңешчиси Асылбек Исаков дагы тастыктап, учурда комитетте жайыт маселеси каралып жатканын айтты. Бакытбек Мамытканов менен беттешип калган А.Исаков аны кызматтан мыйзам чегинде өз ыктыяры менен кеткенин, бу жерде ал шоу-пиар кылып жатканын, анын кемчиликтери тууралуу толук маалымат жакында айтылаарын айтты.

Бакытбек Мамыткановдун бу жерде айткандарынын баары жалган жалаа, өз ыктыяры менен арыз жазып кызматтан кеткен. Ал көптөгөн тапшырмаларды аткара албай калганы үчүн сөгүш алган. Азырынча ушул, жакында толук маалымат беребиз»,-дейт А.Исаков.

Асылбек Исаковдун айткандарын толугу менен төмөндөгү видеотасмадан көрө аласыздар:

Эске сала кетсек, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев бул кызматта иштеп жатканына 6 ай гана болду. Аны министрлик кызматка премьер-министр М.Абылгазиев 28-майда сунуштаган, анын сунушун парламент 29-майда жактырып, колдоп берген. 30-майда президент С.Жээнбеков токтомго кол койгон. кызматка кирип жатканда 19-июнда, президенттин катышуусунун алдында парламентте ант берген.

Мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев экспортко байланыштуу сын-пикирлерден жана маалыматтык технологиялар жаатындагы жетекчилер кызматтык ишеним көрсөтпөөдөн улам кызматтан алынган. Чынында азыркы министр Эркинбек Чодуевге да сын-пикерлер көп. И баса, министрлик кызматка Бакытбек Мамыткановдун талапкерлигин коомчулук көрсөтүп, социалдык тармакта колдошкон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: