Menu

“Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары” ишканасы 9 млн сом коротуп, эч нерсе кылбады

Бөлүшүү:

2019-жылдын январынын соңунда башкалаабыздын мэриясында жаңы структура – “Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары” муниципалдык ишканасы түзүлгөн. Мэрия бул долбоор шаардагы чукул көйгөйлөрдү  чечет: шаардын борборун бошотуп, автотыгындарды азайтат деп убада кылган.

Чындыгында абал мышык ыйлачудай, ал эми ишкана 9 млн сомду коротуп койду. Эмне себептен шаардык каражаты таасирдүү пайдаланбай калган? Жооп издеп көрөлү.

Үзүлгөн үмүт, чылкый чындык

Ишкананын пландары асман чапчып жаткан. Төлөнмө автоунаа токтотуучу жайлардан жылына 80 млн сомдон 100 млн сомго чейин түшүп турат дешкен. Андан түшкөн каражатка башкалаанын инфракструктурасын өнүктүрүүгө кетип, ошондой эле шаардык транспорт сатылып алынмак

Ишкананын мурдагы директору Дамирбек Жумашев автоунаа токтотуучу жайларга заманбап видеокөзөмөлдөр жана акы алуу аппараттары орнотулат деген эле. “Паркоматтар, тийиштүү белгилер, чийиндер, камералар орнотулат. Биз жаңы технологияларды пайдаланышыбыз керек. Ошонун эсебинен борборду бир аз тыгындан бошоткондой болобуз”, – деген Жумашев.

А чындыгында бардыгы башкача болуп калды. Акы төлөнө турган автоунаа токтотуучу жайлардын даректерин ишканадан сурадык. Ишкананын жаңы жайлары жок болуп чыкты – балансында шаардын ар кайсыл жеринде 15 авто токтотуучу жайы бар экен. Ошондой жооп кат алдык.

Ал катта көрсөтүлгөн даректерди кыдырып, 12 жайды гана таба алдык. Суткасына 20-30 сом алынат экен. Кайдагы заманбап технологиялар? Эптеп ар деме менен курчап койгон жайлар. З жайы таптакыр эле жок болуп чыкты.

Белгилүү болгондой, ишкана жеке компаниялар жана жеке ишкерлер менен келишим түзүп, муниципалдык жерлерди ижарага гана берип койгон. Алар ошол ижара акысын гана которушат экен.

Эмнеге абал өзгөрбөдү?

Кептин баары ал автоунаа токтотуучу жайлар бул ишкана түзүлгөнгө чейин эле бар болчу. Ошол бойдон эч нерсе өзгөргөн жок. Анан мэрия эмне максат менен жаңы структура түзгүсү келген – түшүнүксүз.

Дагы кызыктай факт, ишкананын 10 айлык ишмердүүлүгүндө 3 директор алмашкан. Башында Дамирбек Думашев дайындалса, июнда аны Улан Жолдошев алмаштырган, сентябрда Ислам Момоконов жаңы директор болуп олтурат. Мурда ал муниципалдык мүлк башкармалыгынын ижара бөлүмүн башкарган.

Биз “Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары” ишканасынын кирешесине кызыгып кайрылсак, алар маалымат берүүдөн баш тартып коюшту. Мындай мамилесин түшүнө албадык. Биринчи катыбызга ошол замат жооп беришкен эле.

Чыгымдуу ишканабы?

Көптөгөн автоунаа токтотуучу жайлардын кызматкерлери күнүмдүк киреше майда-чүйдө чыгымдарга жана ижарага эптеп жетерин айтышты. Кээ  бирлеринин келишим мөөнөтү бүтүп, ишкана жаңы келишим түзүүдөн баш тартып, өздөрүнүн кароолчуларын айына 7 миң сом айлык менен коюшат экен.

Муниципалдык менчик, жер маселеси, курулуш жана архитектура боюнча комиссиянын жыйынында ишкана тогуз айдын аралыгында 850 миң сом тапканы айтылган.

Ижарага алгандардын айтымында, күнүгө ишкананын эсебине 400 сомдон которуп турушат экен. Эми эсептеп көрөлү.  15 жайдын 12син тапкан элек. Мейли ал табылбаган үчөөнү да бар деп коелу, ошондо айына 15 жайдан айына 180 миң сом түшөт. Анда жылына 2,1 млн сом болушу кажет. Бирок бул акча да шаар бүджетинен бөлүнгөн 9 млн 860 миң сом субсидияны жаба албайт.

Демек, бөлүнгөн акчалар жөн эле шамалга чачылган. Биринчиден, ишкана 9 айдын ичинде токтотуучу жайларда эч кандай иш кылган эмес. Экинчиден, түшкөн каражат киреше алып келбеди. Үчүнчүдөн, бүджет каржаттары туура пайдаланбады, ишкана өзүн-өзү актабай калды.

Ишкана болгону 15 автоунаа токтотуучу жайлардан алынган төлөмдөргө ортомчу гана болуп алган, андай болсо, мурда – бул ишкана жокто – ижара акылары кандайча чогултулуп келген?

Аталган жыйында вице-мэр Азиз Алымкулов мамлекет менен жеке өнөктөштөрдүн биргелешкен долбоору болмоюнча, бул жүзөгө ашпай тургандыгын белгиледи. “Ишкана нөлдөн түзүлгөн. Чыгым айлыкка гана кетет. Бирок августтан бери кызматкерлер айлык да албай келишет”, – деди ал.

Анда мэрия эмнеге ойлонбой туруп бул долбоорду баштап алган? Башында баарын кыйратабыз деген убадаларына эмне болду? Ал эми башкалаабыз автоунаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги менен тыгындардын айынан азап чегип келет.

KyrgyzToday.kg кыргызчалады

Булак: bars.media

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: