Menu

Атасы жети баласы менен аялын өрттөн алып чыккан

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-октябрда таң атпай Бишкекте чоң өрт чыкты. Өчгөчө кырдаалдар министрлиги белгилегендей, таңкы 5те Суворов көчөсүндөгү жеке үйдө өрт чыгып, жалын 120 метр кв. аянтты ээлеген темир чатырды каптаган. Себеби такталууда. Өрткө эки өрт өчүргөн машине жана “тез жардам” барган.

Бишкектеги экстрендик медицина борборунун жандандыруу кызматынын башчысы Егор Борисовдун буларды айтты:

“Эркек киши үйдүн ээси экен. Аялын, жети баласын үйдөн чыгарам деп, аябай күйүп калыптыр. Жубайы да, балдары да эч нерсе болгон эмес. Атасы бардыгын куткарып, балдарын, жубайын аман сактап калган. Бара турган жайлары жок болгондуктан, “Тез жардам” “Сезим” кризистик борбору менен байланыштык да, аялды балдары менен ошол жакка жеткирдик. Балдардын кичүүсү 1 айлык, улуусу – 12 жашта. Атанын абалы оор, денесинин 100%ы күйгөн, 2-даражадагы күйүк.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: