Menu

Токтайым Үмөталиева кызын турмушка берип, кыз узатуу тоюна казак президентинин кеңешчиси келди

Бөлүшүү:

19-октябрда укук коргоочу Токтайым Үмөталиева ырчы кызы Бурашты турмушка узатып, “Фрунзе” ресторанында “кыз узатуу” үлпөтүнө 250 мейман чакырган. Алардын 40%ы атактуу артисттер болду: Жамал Сейдакматова, Назира Мамбетова, Талгат Жакшылыков ж.б.

“Менин кызым маданияттын кызматкерлери менен чогуу чоңойду, – дейт Үмөталиева айым, – ошондуктан меймандар да чыгармачыл кишилер болду. 250 киши чакырдым, көпчүлүгү өзүбүздүн туугандар. Улуттук каада-салтыбызды көрсөтүп, кызымды бардык шарты менен узаттым”.

Тойго Казакстан президенти К.-Ж. Токаевдин кеңешичиси Ерлан Карин да келгенин Токтайым Үмөталиева ырастады:

“Ал илгертен берки досум. Аны менен Бейөкмөт уюмдун катардагы өкүлү болуп жүргөн кезинен бери таанышмын. 2000-жылдан бери. Өкүл ата катары келди”.

Казак президентинин кеңешчисинен тышкары тойго Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси жана анын орунбасары катышты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: