Menu

Айчүрөк Иманалиева: “Үй-бүлөм үчүн өзүмдү курмандыкка көп чалам”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, сахна канышасы, жумурай журтка аттын кашкасындай белгилүү инсан, кыргыз эстрадасынын чолпон жылдызы Айчүрөк Иманалиева менен маек курдук. “Көз жаш менен негативдерди да, таарынычтарды да жууп алам” деген ырчы айым, кабарчыбыз менен соңку жаңылыктарын бөлүштү. Анда эмесе, эксклюзивдүү интервьюну сунуштайбыз!

– Арыбаңыз Айчүрөк эже! Маданият ааламында жүргөнүңүзгө отуз жылдан ашып калды. Ошондон бери өчпөй, жыл сайын популярдуулугуңузду жоготпой, сактап келесиз. Мунун да сыры болсо керек?

– Ырахмат, бар болуңуз! Ким кай кесипти аркалабасын, өмүр өткөнчө ошол сүйгөн кесибинин аркасынан баар табат. Сиз айткандай, ырчылык өнөрдү аркалаганыма отуз жылдан ашты. Бир гана Кыргызстанда эмес, чет мамлекеттерде өткөн Дүйнөлүк жана Эл аралык деңгээлдеги ар кыл сынактарга катышып, байгелерди алып келгем. Азыркы тапта да таланттуу улан-кыздарды алып барып, катыштырып келүүдөмүн. Алар да Кыргызстандын намысын коргоп, баш байгени, биринчи орундарды жеңип келишүүдө. Барган жерибизден такыр куру кайткан жокпуз. Муну менен гана чектелип калбастан, кыргыз маданиятына өз салымымды кошо бермекчимин. Болгон өмүрүмдү чыгармачылыкка арнап койгом, балким, популярдуулуктун сыры ушундадыр. Талбай эмгектене берсек, кайбыл гана кесиптен болбосун, чоң ийгиликтерге жетээрибиз бышык.

– “Чыгармачыл инсанга үй-бүлө күтүү оңой эмес” дешет, башкалардай үй-бүлөлүк көйгөйлөрүңүздү көп деле укпайбыз. Көз тийбесин, үй-бүлөнүн бекемдигин кантип сактап келе жатасыздар?

– Туура айтасыз, чыгармачыл инсанга гана эмес, баардык эле адамдарга үй-бүлө күтүү, аны сактоо оңойго турбайт. Биздин үй-бүлөнү бири-бирибизге болгон ишеним, түшүнүү менен берилгендик сактаса керек. Үй-бүлөнүн бекемдигин сактоо жубайлардан гана көз каранды болот окшойт.

– Башкалардай эле сиздердин үй-бүлөдө да казан-аяк кагышып, кашык-чөмүчтөр ыргып турабы?

– Албетте, үй-бүлө болгондон кийин түшүнбөстүктөр жаралып турат. Бирок, анчалыкка жеткирбейбиз. Бири-бирибизди түшүнүп, сыйлайбыз. Ортодо сый менен сүйүү жашаса, үй-бүлө эч качан бузулбайт. Үй-бүлөлүү адамга күч, чыдамкайлуулук жана туруктуулук керек. Бизде да түшүнбөстүк жагдайлар болуп турат. Андай учурда үй-бүлөмдүн бакубатчылыгы, бекемдиги, биримдиги үчүн баарына даяр турам. Үй-бүлөм үчүн өзүмдү курмандыкка көп чалам.

Ар бир адамдын өзүнчө кулк-мүнөзү болот эмеспи. Анын сыңарындай, жолдошум Таалай жоош көрүнгөнү менен, анын да өзүнчө кыял-жоругу бар. Мага караганда, анын мүнөзү оор, кыялы катуураак.

– Көңүл калган учурларыңыз көп эле болду окшойт. Оор кырдаалдардан сабак алып калдыңызбы?

– Медалдын эки жагы болгондой, ар бир кесиптин жыргалы да, азабы да бар. Жамандык жасоо колумдан келбейт. Мага кастарлык кылган адамдарды бир гана Кудайга койгом, унуткам. Жашоо бумеранг, эмне кылсаң өзүңө кайтып келет. Бул жашоо кыска, өмүр аз. Ушул турган аз өмүрдө, жакшы чыгармаларды жаратып, элиме тартуулап, маданиятка салым кошуп, үй-бүлөм менен жадырап жайнап, жакшы учурду өткөргүм келет.

– Аялзаты жашык келет эмеспи, кандай учурда көп ыйлайсыз?

– Сентименталдуу адам болгондугумдан улам, жүрөккө тийе турган тасмаларды көргөндө, жакшы кабарды укканда жашый түшөм. Көз жаш менен негативдерди да, таарынычтарды да жууп салам, өзүмдү “ыйлабайм”, “күчтүүмүн”, “шумдукмун” деп айта албайм. Мен деле катардагы жөнөкөй адаммын. Андыктан, мен дагы ыйлачу жерден ыйлайм, кубанчу жерден кубанам.

– “Кара пиар” жасоо Кыргызстанда жеңил” дешет, колдонгон учурлар болду беле?

– Жок, “кара пиар” колдонуп көргөн эмесмин. Андай пландар менин оюмда да жок. Тескерисинче, маалыматтык булактардан, тактап айтканда телеберүү, гезит-журналдардан качып калган учурларым көп болду. Чындыгында чарчайт экенсиң…

Кээде сөздү бурмалабай, айтканыңды айткандай, дегениңди дегендей элге так, даана жеткирген журналисттерге берилип интервью бергим келет. Көпчүлүк учурда жала жаап, айткан сөзүңдү башка форматка буруп, элге жаман көрсөтүүгө далалат кылган көптөгөн учурлар болгон. Ошонун айынан чакырган жерге баргың келбей, көңүл айныган кездер болду. Колдон андан башка нерсе келбесе, жок дегенде жаман сөз айтпай койсок жакшы болоор эле. Ар ким өз деңгээлине, ой-жүгүртүүсүнө жараша акыл калчайт турбайбы. Адамга жакшылыгымдан башка нерсем жок. Адамдын көңүлун соолутпаганга аракет кылсак, жакшы болоор эле.

— Интернет баракчаларыңызга жазылган сын көз караш, ар кандай пикирлерге кандай карайсыз?

– Интернет баракчаларыма эл жаман пикир калтырбайт. Андай сөздөрдү чөйрөмдө, чыгармачылыкта аралаш жүргөн койнунда котур ташы бар кишилер гана жазат. Жаман сөздү айтканга, жазганга дагы ошондой ички дүйнө керек. Андан да баалуусу кенен убакыт сарптоо кажет. Ал эми кадырлуу калкым жүрөктөн чыккан каалоо тилектерин, мактоолорун же жөн гана жакшы пикирлерин гана калтырышат. Учурдан пайдаланып, чыгармачылыгымды сыйлаган күйөрмандарыма терең ыраазычылык билдирип өткүм келет.

– Башка адамдардай эле интернет менен сиз да ооруйсузбу?

– Кээ бир учурда гана кызыгып карап калбасам, интернет менен оорубайм. Интернетти
колумдун талып ооруганын кээде эстеп, күлүп алам. Интернет баракчаларымдагы күйөрмандарыма жооп берип, жетишүүгө дайыма аракеттенем.

– Учурда кандай жаңылыгыңыз бар?

– Бул жылы жаңы ырлардын жаңы клиптердин үстүнөн көп иштедим, өзүм “аллергетикмин”… Туура эмес нерселерди жеп алганда, чаңдардан аллергиям кармайт. Бир нерселер чыгып, колу-башым кызарып, шишип кетет. Ушул илдеттен арыла албай жүрөм. Буга карабай, быйыл клиптерди көп тарттым. Жана да айтып өткөндөй, чет жерге кыргызстандык жаш таланттарды катыштыруудамын. Быйыл декабрь айында дагы эл аралык сынактардын бирине барып, алдыңкы орунду алып келебиз деген ишеничте турам. Анан да бул жылдын эсебинен, заман талабына ылайык өзгөчөлүк менен, Аэлитага жаңы клип тарттырсакпы деп даярдануудабыз.

– Келбетиңизге кандай кам көрөсүз? Сулуулук сырлары менен бөлүшө өтсөңүз…

– Чоң энелерибизден калган нукура, таза айрандарды бетке жаап, илгерки методдорду колдонсок болот. Азыр сулуу болуунун жана сулуулукту сактоонун көп жолдору бар. Арзан жана кымбат-косметикалык каражаттар да көп. Анткен менен, баары эле адамга жардам бере бербейт. Бадыраң, быштактардан маскаларды жасап, жүзүмө жаап турам. Андан тышкары аялзатына уйку миңден бир дары, өзүм канча жылдан бери уйкуга зар болуп келем. Аялзатын сулуу көрсөткөн, денеге жакшы таасирин тийгизген уйку болуп эсептелинет.

– Эркин микрофон берсек…

– Жалпы кыргызстандыктарга ден-соолук, узун өмүр, бак-таалай жана жаркын келечек каалайм. Телегейибиз тегиз болуп, ыйманыбыз ысык болсун! Эл-жерибизде бейпилчилик орноп, дайыма тынчтык өкүм сүрсүн. Ар бир инсандын жан дүйнөсүндө жагымдуу музыка ойносун, кайгысы такыр болбосун! Ырыскыбыз мол болуп, Кудайым кут ыроолосун.

Маектешкен Айбек Нур

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: