Menu

Фото – Дүйнөнү башкарган 7 эң таасирдүү үй-бүлө

Бөлүшүү:

Ротшильддердин үй-бүлөсү

Бул үй-бүлө узак жылдардан бери, эң эле таасирдүү жана таанымал династия болуп келе жатат. Анын байлыгы 500 триллион доллар деп бааланат. Бул клан дүйнөнү финансылык сектор аркылуу башкарат. Дээрлик бардык дүйнөлүк банктар бул үй-бүлөнүн менчиги болуп, же алардын таасир этүү чөйрөсүнө кирет. Ротшильддер АКШнын Федералдык Резервдик Системасын көзөмөлдөшөт. Же, орой айтканда, алардын колундагы станок доллар банкноталарын басып чыгарып, бүт дүйнөнү каптоодо. Бул мекеме мамлекеттик эмес болгондуктан, АКШга көз каранды эмес.

Лондондо дагы Сити ишкерлик борбору мамлекеттик эмес мекеме болуп, Улуу Британия бийлигинин таасирине кирбейт.

Ротшильддерге дүйнөнү башкарганга Ватикан жардам берет, ал өз алдынча аруктура болуп эсептелет. Ал идеология үчүн жооп берип, коомчулук өкүлдөрүн коркутуп, ооздуктоого көмөктөшөт. Мээлерди айнытуу жана кайра программалоо менен Колумбия, Вашингтон округдары алектенишет. Алар да өз алдынча түзүм болуп, эч кандай штатка кирбейт.

Ротшильддер банкирлер династиясын баштаган Амшель Майер Ротшильддин байлыгын көбөйтүп, миңдеген эсеге байытышкан. Биринчи банкты Амшель Франкфуртта ачып, бул бизнеске бардык уулдарын тарткан. Андан соң туугандарынын баарын киргизип, анын бардык континенттерде жайылышына кам көргөн.

Рокфеллерлер үй-бүлөсү

Картинки по запросу Рокфеллеры

Алар өз байлыгы менен нефтилик бизнеске тунушуп, ХІХ кылымдын аягында – XX кылым аягында атагы чыккан. Жеке капитал көлөмү боюнча экинчи орунда турган династия. Фамилия өзү ийгилик жана байлыктын каймана атындай болуп калган.

Династия негиздөөчүсү Джон Рокфеллер болуп, ал кичинекей бала чагынан Шэле абдан эсепчил жана прагматик болуп чоңойгон. Анын бала кездеги оюндары өзү багып чоңойткон үй жандыктарын пайдалуу сатууга айланат. Анын саресепчил акылын ошол кездеги таанымал коммерсанттардын бири баалайт. Ал жаш уланды өз конторасына бухгалтердин жардамчысы кызматына алып, өз компаньону кылып алат.

Таанымал үй-бүлөлөр арасында Рокфеллерлер өзгөчө орунду ээлешип, алардын фамилиясы да байлык менен ассоциялана баштайт. Арийне, бул финансылык империянын негизин эмне түзгөнүн баары эле биле беришпейт. Rockefeller & Со компаниясынын башчысы Дэвид Рокфеллер-младший баалуулуктар жана салттар системасы тууралуу айткан. Ошол аркылуу алар балдарга туура тарбия берип, байлыгын арттырганын баяндаган.

Джон Рокфеллер үй-бүлөнү байыткан Standard Оil компаниясын 1870-жылы негиздеген. Жүз элүү жылча убакыт өтсө да, Рокфеллердин укум-тукумдары өз капиталын сактап калышты. Азыр бул үй-бүлөнүн мураскерлери болуп 170 киши эсептелип, Forbes алардын байлыгын 11 миллиард доллар деп баалоодо.

Джон өзүнүн рынокту прогноздоо жөндөмүнө ишенип, жаңы иштерге акча салгандан коркпойт. 1879-жылы ал бардык финансысын перспективалуу ишке жумшап, нефти табуу жана кайра иштетүүгө коротот. Тез эле ал АКШ өнөр жайынын 90%ын көзөмөлдөп калат.

Рокфеллер монополияга каршы комитетти да оңой эле алдайт, өз компаниясын майдалап, 34 чакан ишканага айландырып салат.

Джондун урпактары чоң атасынын байлыгын арттырып, ишкер, көрөгөч адамдар катары репутацияга ээ болушат. Аларды чоң саясий кызматтарга жана жыймылдарга чакыра башташат.

Улуу Британиянын королдук үй-бүлөсү

Картинки по запросу королевская семья великобритании

Улуу Британияда королдук уй-бүлөнү так аныктаган юридикалык же формалдык эреже жокү Королдун үй-бүлөсү: монарх, монархтын аялы, монархтын жесири, монархтын балдары, монархтын эркек баласы тарабынан туулган неберелери, алардын аялдары (жесир калса да) эркек неберелери жана алардын аялдары киришет.

Формалдуу түрдө чектелгенине карабастан, монархия дүйнөдөгү эң таасирүү үй-бүлөлөрдүн бири болуп эсептелет. Королева Виктория кезегинде үй-бүлөсү үчүн кам көрүп, бардык дворлордо жана бардык өкмөттөрдө Улуу Британиялык королдук үй-бүлө мүчөлөрү болушун камсыз кылган. Немецтик кан-тамырынан кутулган соң, 1910-жылы Георг V өз үй-бүлөсүнө жаны фамилия ыйгарып – Виндзорлор болуп калышкан. Муну менен аларды кулатуу аракеттери токтоп, тескерисинче, карапайым калк арасындагы патриотизм арткан.

Барух

Картинки по запросу Барух

Америкалык бул финансит, биржалык спекулянт жана да саясий, мамлекеттик ишмер биринчи болуп байлык жана бийлик болсо каалаганыңдын баарына тез эле оңой жол менен жетсең болот деген теорияны тастыктаган. Ал кезегинде президент Вудро Вильсонго шайлоо компаниясында жардам берген. Ал президент болгон соң, Барухту аскердик өнөр-жай комплексиндеги майлуу кызматка койгон да, карызынан кутулган. Кийинчерээк миллиардер Черчилль менен бирге СССР жана Германия эсебинен кантип баюу керек деген стратегияны иштеп чыккан.

Барухтардын үй-бүлөсү еврейлерди орто кылымдардан бери башкарат. Бардык еврей кландары ага баш ийишет. 1960-жылы Ак Үйдүн маңдайындагы скверде олтургуч – мемориал коюлуп, ал Барухтардын урматына аталган. Ал эми дүйнөлүк финансылык воротилалар анын өмүрүнүн аягында геополитикада жана экономикадагы ролуна баа беришип, Барухтун бардык Рокфеллерлер жана Ротшильддерден артканын, алар анын кол алдында чуркап кызмат кылып калышканын белгилешкен.

Аль Сауд

Картинки по запросу Мухаммед ибн Салман Аль Сауд

Сауд Аравиясынын мураскор принци Мухаммед ибн Салман Аль Сауд жана АКШ президенти Дональд Трамп 2018-жылдын мартында Ак үйдүн Овалдык залында дүйнөлүк рекорд болуп эсептелген, эбегейсиз суммадагы аскердик кызматташууга кол коюшкан.

Ибн Сауд 1932-жылы мамлекетин бириктирген. Абдель-Азиз ибн Сауд көп аялдуу болуп, көзү өткөн соң, 42 мыйзамдуу, уулдарын жана 125 кыздарын калтырган.

Королдук династия Сауд Аравиясындагы өлкө негизделгенден бери – 1932-жылдан бери башкарып келе жатат. Династия нефти казууда таасири күчөгөн, элдин жашоо деңгээлин көтөрүп, династияга дүйнөдөгү таасирин арттырууга көмөкчү болууда. Дүйнөдөгү нефть байлыгынын 20%ы саудиттердин колунда турат.

Моргандар

Картинки по запросу семья морганов

Джон Пирпонт Морган I – америкалык ишкер, банкир жана финансит,- ал АКШнын корпоративдик финансы жана өнөр-жайды консолидациялоо чөйрөсү-дө 19-кылымдын аягында жана 20-кылым башында үстөмдүк кылып келген.

Моргандардын кланы америкалык финансылык системаны Уолл Стритте 200 жылдан бери башкарып келе жатат. Алар америкалык Борбордук банк ролун аткаруу жолу менен таасир этүүнү улантышууда. 1838-жылы Джордж Пибоди Лондондо борбордук банкты негиздегенден бери ушундай. Пибоди – өз кезегинде ишкер-партнёр катары Ротшильддер менен кызматташкан.

Бул үй-бүлө дүйнөлүк өкмөт олимпинде болуп, АКШнын саясий курсун аныктайт. Дүйнөлүк банк системасын көзөмөлдөйт. Джон Пирпонт Морган – бул финансылык империяны негиздеген адам. Жарандык согуш учурунда курал-жарак сатуудан байыган. Анын урпактары атактуу «Дженерал Моторс» жана «Дженерал Электрик» компанияларын жетектеп калышкан.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: