Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда мэриядан билдиришти. 6 жаңы тез жардам машинеси жана эки сүт азыктарын ташыган атайын машине сатып алынган.
Мэриянын саламаттыкты сактоо башкармалыгы тендер жарыялап, аны «АБМ Авто» компаниясы жеңип алган. Келишимге ылайык 6 автоунаа үчүн мэрия 10 млн 980 миң сом төлөйт.
Ал эми эки сүт азыктарын ташыган машинелер боюнча тендерди Aman Road компаниясы уткан. Алардын баасы – 2 млн 600 миң смоду түзгөн. Автоунаалар Бишкекке ноябрь айында келип калат.
Белгилей кетсек, Бишкек мэриясынын карамгында азыр 93 тез жардам авунаасы бар, анын 44ү шаардыктарды тейлейт. 4 автоунаа сүт азыктарын ташыйт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ