Буга чейин машина сатып алып, “калган акчасын кийин беремин” – деп алдамчылык менен алектенген шектүү кармалгандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Шектүүдөн жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад ОИИБнин нөөмөт бөлүмүнө кайрылса болот. Бул тууралуу бөлүмдүн басма сөз кызматы билдирди.
Андагы маалыматта кылмышка шектүү бир канча адамды ар түрдүү жол менен алдап акчасын алып жүргөндүгү айтылган. Бул ишке тиешеси бар делип Ала-Бука районунун 1984-ж.т. тургуну Мамбеткулов Үсөн Насирдинович кармалып, Жалал-Абад ОИИБнин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан тергөө бөлүмүнө камсыздалганы айтылган. Бул жарандан жабыр тарткандар болсо милицияга кайрылуу керектиги белгиленип, маалымат ЖМКга таратылган соң башка облустардын тургундары дагы телефон аркылуу байланышып, акчасын алдатып жиберишкендигин билдиришкен.
Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, ал учурда 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бул жарандан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад ОИИБнин нөөмөт бөлүмүнө (03722-7-05-30) же 0553 33 33 04 номерине байланышса болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ