Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Токио шаарында «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкы кеңсесине барды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында Токио шаарында «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкы кеңсесине барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы корпорациянын ишмердиги менен таанышып, анын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака менен жолугушуу өткөрдү.

Инвестициялык кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Президент «Tokyo Rope MFG» жетекчилиги менен 2017- жана 2018-жылдары Бишкектеги жолугушууларда жетишилген макулдашуулардын баары бүгүнкү күндө ишке ашканын, Кыргызстанда корпорациянын кичи ишканасы ийгиликтүү иштеп жатканын канааттануу менен белгиледи.

«Бизнес инвестициялар бизге аба менен суудай керек. Биз Япония менен, Сиздикиндей ири корпорациялар менен кызматташууга кызыкдарбыз. Япония бизге көз карандысыздык алгандан бери көп жардам берди», — деп Президент Сооронбай Жээнбеков ыраазычылык менен белгиледи.

«Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака корпорациянын бүгүнкү күндө Казакстан, Шри-Ланка жана Филиппинде иш жүргүзүп жаткан Бишкек шаарындагы кичи ишканасынын ишмердигин кеңейтүү боюнча пландар менен бөлүштү.

Шигето Танака Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө корпорация кызыкдар экенин өзгөчө белгиледи.

«Биз заманбап, япон инновациялык технологияларын киргизүү жолу менен Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошкубуз келет», — деп белгиледи ал.

Бишкектеги «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын кичи ишканасынын кызматкерлери аткарылып жаткан иштер жана жакынкы келечекке карай пландар тууралуу айтып беришти.

Корпорациянын кичи ишканасы Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат. Учурда Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгүндө көчкүгө каршы курулуштар орнотулуп жатат. Жакынкы мезгилде буга окшогон жумуштар аталган жолдун башка бөлүктөрүндө да башталат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын тоо-кен инженерлерин даярдап чыгарганы жана Бишкектеги кичи ишкананын кызматын кеңейткендиги үчүн «Tokyo Rope MFG» жетекчилигине ыраазычылык билдирип, бул багытта иш-аракеттерди улантуу маанилүү экенин белгиледи.

«Tokyo Rope MFG» — дүйнө жүзү боюнча жогорку технологиядагы болот аркандарды чыгаруучу ири ишканалардын бири. Корпорациянын Бишкек шаарындагы кичи ишканасы 2017-жылы ачылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: