Мурдагы башкы прокурор, бир кездери темир айым деген наамына Аида Салянова Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар деп эсептейт. Мындай көрсөтмө беришине эмне себеп болду? Же чындап эле Атамбаевдин айткандарын аткарганбы? Анын айтымында, Салянова азырынча сотко чакырыла элек. “Эгер чакырса мен сөзсүз барып, кандай болгонун бардыгын айтам. Ал кезде Алмазбек Шаршенович Батукаевдин ден-соолугуна байланыштуу өлкөдөн чыгаруу керектигин айткан. Ошондой эле өлкөдө криминалдык абал начарлап кеткенин жүйө келтирген“, – деп билдирет Салянова. Анын айтымында, Атамбаев ага бардык аракеттер мыйзам чегинде болорун ишендирген. “Мындан улам мен Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна мурдагы президенттин тиешеси бар деп эсептейм. Ал эми өзүмдү мурда айткандай күнөөлүүмүн дебейм. Түшүнсөңөр, прокуратура бул соттолуучунун ден соолугу тууралуу документти текшерген сот же дарыгер эмес. Бизге мындай укук берилген эмес. Эгер Атамбаев Батукаевдин абалы тууралуу документтерди өзгөртүп жасаган болсо, ал сөзсүз жооп бериши керек“, – деп жыйынтыктады Салянова.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ