Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө арызды карай турган болуптур. Бул тууралуу КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
Атамбаевдин митингдеринде ойду-тоону сүйлөп, бырыңдап ыйлап жүргөн Темирлан А.Жээнбеков спикер кезинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп эсептейт. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча кылмыш ишке түздөн-түз тиешеси бар катары көрөт. Депутатты дароо камакка алып, тергөө амалдарына басым болбошу үчүн жакын туугандарын ээлеген кызматтарынан четтете туруу зарыл экен. Кыскасы, бул жигит эч далилсиз эле ар кайсыны айта берген. Жалган жалаа үчүн өзү камалып калбаса болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ