Menu

“Пахта койгучтар” парады

Бөлүшүү:

2005-жылы 24-март окуясы орун алып, Бакиев манты жеп жыргап олтурган жеринен президенттик креслого “топ” этип олтуруп калганы баарыбыздын эсибизде. Бакиев бийликке келгени “пахта койгучтар” тобу пайда болуп, бир топ ирденип алышты. Айрымдары бүгүнкү күнгө чейин бийликтин бийик сересинде дагы деле акыл айтып олтурат. Алардын бири Акылбек Жапаровдун Бакиевге “Улуу урматтуу Курманбек Салиевич, Ваше превосходительство” деп кайрылганын угуп, Бакиев баш,
ошол кездеги өкмөт мүчөлөрү төш болуп кыраан каткырыкка түшүшкөн. Ошол видеотасма бүгүнкү күнгө чейин интернет айдыңында актуалдуу. Акылбектен кийин эле Бакиевди атакелеп кучактаган Нариман Түлеев экени эсибизде. Ал мэр болуп туруп, борбордук аянтыбызга бир кездеги Манас атабыздын душмандарынын айкелдерин коюп, коомчулуктун сынына кабылып, жыйынтыгында ал айкелдерди алдырып тынч уктаган. Тынч уктаганы курусун кызарган кулкундун айынан мэр болуп турганда Кытай-дан келген автобустардан 1 миллион 400 миң доллар ап деп коюп, абакка да жатып чыкты. Бакиевдин бийлиги да көпкө узаган жок. Электр энергиясына болгон бааны жогорулатып, уюлдук байланыш акысына балдары башын тыгып, мамлекетти үй-бүлөлүк башкаруу жолуна салып бара жатканда, эл нааразы болуп, 2010-жылы 7-апрель окуясы от алып, Бакиевдер кланы толугу менен куулат. Кийинки президент болуп Роза Отунбаева убактылуу башкарып калат. Кыска убакыт башкаргангабы айтор аны эч ким “Журт атасы” дегенге жетишпей калды. Бирок, кийинки президент Атамбаевди бир кездеги Бишкек шаарынын мэри, ошол кезде фракция лидери, депутат Иса Өмүркулов “Алмазбек Атамбаев журттун атасы, ал Конституциянын гаранты” дегенде оозубуз ачылган. Эми болсо коомдук ишмер Ахматбек Келдибеков президент Сооронбай Жээнбековдуу саясатын колдой турганы айтып, “КСДП партиясына чыктым дебей, “журт атасы боло алганын” “Азаттыкты” “Эки бир” программасында билдирди.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

87 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: