Menu

2020-жылкы шайлоого старт берилди: ким келет, ким калат?

Бөлүшүү:

БШКнын расмий өкүлү келээрки жылдагы парламентке боло турган шайлоо күнү боюнча “бул күн октябрь айынын биринчи жекшембисине туура келет. “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык парламенттин конституциялык мөөнөтү бүткөндөн кийинки айдын жекшембисинде шайлоо өткөрүлүшү керек” – деп билдирди. Бул 2020-жылы боло турган шайлоого старт берилди деген сөз. Ошентсе да коомдо парламент күтүүсүз тарап, чукул арада шайлоо өткөрүү маселеси жаралып калышы бар дегендер бар. Бул ойлорго каршы “парламент эч качан тарап кетүүгө барбайт жана шайлоону мөөнөтсүз өткөрүүгө негиз жок” дегендер да бар. Кийинки жылы өтө турган парламенттик шайлоодо кайсыл партиялар көч баштарын болжоо кыйын болууда. Мурдакы парламенттик шайлоолордо жеңүүчү болгон партияларда келээрки шайлоодо утуп чыгаарына ишенич аз болууда. Ал эми жаңы партиялардын жолунда болсо тоскоолдук көп. Алардын алдын торогон чоң тоскоолдук 9%дык барьер болуп жатканы айкын болууда. Өткөн эле айда “Кыргызсган” саясий партиясы курултайын өткөрүп, “Ата Журт” шайлоого “Республикасы” жок барарын айтып чыкты. КСДПнын тагдыры талкаланды абалга келди. “Республика” партиясы деле азырынча тар чөйрөдө катышууга бел байлап жатканын айткан менен дымагы байкалбайт. Ага аталган партиянын лидери Бабановго карата жүрүп жаткан сурактар себеп болуп жатса керек.

Жаш, жаңы түзүлгөн партиялардан азырынча атырылып чыккандар боло элек. Ошентсе да 9%дык чек болбосо “алып тынабыз” деген дымактуулар толтура. Келээрки шайлоодо жаңы жүздөр жана жаштардан түзүлгөн партияларда чоңураак шанстар болот. Аймактарда шайлоо талкуусунда акчага басым коюшпастыгы, өлкөнүн тагдыры оорлоп бара жатканы боюнча катуу сөздөр жүрүүдө. Ошентсе да, акчанын, админисгративдик системанын күчүнө ишенген тарап, дагы деле болсо ошондой жолдо өтөт деген таризде, ишенимди бийликчил партияларга байлап жаткан кези. Коомдук талкууларга ишеним арткан саясий чөйрөнүн бир топтору эски партияларын жандантып чыгышаары да маалым болууда. Бир кезде президенттик так үчүн талашка түшкөн Акбаралы Айтикеев дагы келээрки шайлоодо өзүн сынап, жалаң жаш, таза жаштар менен аттанып чыгууга далалат жасап жатканы тар чөйрөдө сөз болууда. Учурда парламентте олтурган “Бир бол”, “Өнүгүү-Прогресс” партиялары деле учурда кадыр баркка ээ эмес. Алар 5 жылдык парламенттеги ордун татыктуу көрсөтө алган жок. Коомдо алар тууралуу деле анчалык маанилүү сөз деле болгон жок. Аларга караганда аз болсо да “Ата-Мекен” партиясынын депутаттары тууралуу аңыз кеп жүрүп, лидери Текебаевди сатып кетпегени менен бааланганы бар. Бирок, Текебаев баштаган атамекенчилер деле “карып” калганын айткандар арбын. Айтор, 2020-жылкы шайлоо кандай өтөт, кимдер келет (?) ошол жагы табышмак. Кызыгы, бийлик бул шайлоого кандай кадам жасайт? Ушул кезге чейин алардын колдоосу бар деген бир партиянын кулагы тикчие элек.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: