Menu

Өкмөт экспорт боюнча ЖКда сынга кабылды

Бөлүшүү:

Өкмөт ЖКнын жыйынында катуу сынга кабылды. Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев парламенттин жалпы жыйынында Кыргызстандын ЕАЭБте киргенине эки ай мурда төрт жыл болгонун айтып, бирок башында пландалган иштер аткарылбай жатканын айтты.

Ал аталган интеграциялык бирикмеге киргенде Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөөрү, коңшу мамлекетке продукциялардын сатыла турганы, жаңы технологиялуу чет элдик компаниялар келери айтылганы менен иш жүзүндө анын бири жок экенин белгиледи.

“Бүгүн мына сегиз айдын жыйынтыгын карап жатып, бир гана сандарга токтолоюн. Экспорт төмөн деңгээлде болуп жатат. ЕАЭБдин алкагында 7 пайызга түштү. Анын ичинде Россияга 43 пайызга чейин төмөндөгөн. Кийим тигүү боюнча биздин жеңил өнөр жайды флагман дечү эле, ал дагы 60 пайызга азайган. Тигилген бут кийим боюнча көрсөткүч 50 пайызга түшүп жатат. Мигранттардын которуулары да 10 пайызга төмөндөдү. Же болбосо былтыркыга салыштырганда 175 миллион долларга аз. Ошондой эле бажы кызматтарынын төлөмдөрү да минус менен бара жатат. Андыктан өкмөт бул жаатта иш алып барбаса, кесепети катуу тийип калышы ыктымал”, — деди Карашев. Аны менен бирге Аалы Карашев өлкөдөн чыгып кетип жаткан инвестициянын көлөмү да өсүп жатканына токтолду. Мисалы, жыл башынан бери Казакстанга 35 миллион доллар чыгып, кайта бул мамлекеттен Кыргызстанга 9,5 миллион доллар инвестиция келген. Кытайга 181 миллион доллар чыгып, кайта 171 миллион келген. Ортодогу айырма 10 миллион долларды түзөт.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: