KTRK Sport каналында КР футбол федерациясынын вице-президенти Аскар Салымбеков мейманда болуп, Бишкектин түштүгүндө спорт шаарчасы куруларын айтты.
“Президенттин көрсөтмөсү менен мэрия жана спорт боюнча мамагенттик бардык адистерди чогултуп алып, бул маселенин үстүндө иштеп жатат. Башкалаабыздын түштүгүндө 30 гектар жер бөлүнүшү кажет. Азыр мэрия 12 гектар жерди бөлдү, дагы 18 гектарын тактап жатышат. Жер алынгандан кийин этап-этабы менен курулуш башталат”, – дейт А.Салымбеков.
Анын айтымында, спорт шаарчасында төмөнкү объектилер курулат:
30-35 миң күйөрман бата тургандай футбол стадиону, 7-8 миң кишилик универсалдуу спорт сарайы, муз майдан – 5 миң кишилик, үстү жабылган бассейн – 3 миң кишилик.
2019-жылдын 6-сентябрындагы өкмөттүн №454 токтомуна ылайык “Бишкек мөөр заводу” мамишканасынын чарбасындагы жер тилкеси “Спорт имараттары жана спортту камсыз кылуу” мекемесине мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүлүп берилди.
Эми мэрия анын жанындагы 18 гектар жерди мыйзамдуу түрдө өткөрүп берүүгө тийиш.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ