Menu

Бажы төлөмүнө болгон жеңилдик узартылабы?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда 2015-жылдан бери ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерден унаа алып келүүнүн бажы төлөмдөрү жыл сайын өсүп келген. 2018-жылы бажы төлөмдөрү кайра мурунку аага убактылуу төмөндөгөн. Буга эл сырттан сапаттуурак унаа ташый албай, автопарк эскирип баратканы, жөнөкөй эл унаа сатып ала албай калганы сыяктуу орчундуу маселелер себеп болгон. Кыргызстан электромобил ташып келгендер үчүн бажы салыгын толугу менен алып  салган. Ал эми гибрид моторлуу унааларга бажы салыгы жеңилдетилген. Быйыл жыл башынан бери өлкөгө жыйырма үч электромобил, алты жүз алтымыш жети гибрид моторлуу унаа келген. Ушул жылдын биринчи жарымында жалпысынан өлкөгө он миңден ашык унаа алынып келгенин Экономика министрлиги билдирди. Автоунаалар көбүнчө АКШ менен Европа өлкөлөрүнөн алынып келинген.

Кайрат Осмоналиев, юрист:

– Айрым автоуналарга жаңы жылдан кийин бажы төлөмдөр он эсе көтөрүлүшү күтүлүүдө. Албетте, бул бажы төлөмдөрдүн көтөрүлүшү элдин нааразчылыгын туудурат. Себеби, автоуналарды сатып алганга элдин мүмкүнчүлүгү азаят. Ошон үчүн Жогорку Кеңеш, экономика министри аракет кылып, чара колдонушу керек. Мунун терс кесепетин азайтыш үчүн тезинен чара көрүшү керек. Бирок, менин оюмча бул мүмкүн эмес, себеби жаңы жылга чейин аз эле убакыт калды, ошондой эле бул чечим Кыргызстанда эмес, Евразиялык экономикалык биримдиги алкагында кабыл алынган чечим. Менин оюмча автоуналарга баа көтөрүлгөндөн кийин Евразиялык бажы биримдигине каршы чыккан кыргызстандыктардын саны көбөйөт.

Табылды Акеров, талдоочу:

– Мен узартылат деп ойлойм. Биринчиден, өкмөт өзү эки анжы болуп, так жооп бербей жатпайбы. Балким бул идея атайы «шапка» алып алуу үчүн деле ойлонуп чыгарылган. Аны көтөрүү реалдуу эмес да. Экинчиден, бүгүн өкмөткө ар кандай нааразычылыктардын кереги жок.

Абдывахаб Нурбаев, ЖКнын депутаты:

– Бул маселени Кыргызстан өзү бир тараптуу чече албайт. Анткени, бул Евразеске кирген өлкөлөрдүн макулдугу менен чечилет.

Чолпонбек Сыдыкбаев, талдоочу:

Бажы төлөмдөрүн узартуу жалгыз бизден көз каранды эмес. Биримдиктеги «төшү түктүү» өлкөлөрдүн кызыкчылыктарынын жанында биздин кызыкчылыктар көлөкөдө калып калып жатат. Азыркыдай жеңилдик узартылса элге да, бул багытта иштеген ишкерлерге да жакшы жеңилдик болмок эле.

Мирлан Бакиров, ЖКнын депутаты:

– Биз Евразия экономикалык аймактын мүчөсү катары макулдашылып берилген мөөнөт болгон. Ошол мөөнөт аягына чыгып жаткандыгына байланыштуу кайрадан өнөктөш мамлекеттер менен макулдашуу болушу керек. Муну экономика министрлиги жеке чече албайт. Жогорку Кеңештен дагы сунуш болуп жатат. Өкмөт да өз пикирин айтты. Бирок убакыт аз калды. Мен бүгүн конкреттүү долбоор көргөн жокмун. Ошондуктан чечилет деп айта албайм. Сырттан ташып келип жаткан унааларга бүгүнкүдөй жеңилдиктер болсо, ушул жаатта алектенген ишкерлерге жакшы эле жеңилдик болмок.

Гүлмира Шаршеева

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: