Menu

Видео – Аксакалдар соттору КРнын мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү демилгелешүүдө

Бөлүшүү:
Бүгүн, 22-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары  Нургуль Асанова Бишкек шаарындагы Аксакалдар сотторунун төрагалары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Иш чарага Бишкек шаардык сотунун судьясы  Гульмира Садыкова, Биринчи май райондук сотунун судьясы Айгүл Уметова,   Свердлов  районунун судьясы Алмаз  Касымбеков жана Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү менен  район акимчиликтеринин аппарат жетекчилери катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө Аксакалдар сотторуна усулдук жардамдарды көрсөтүү жана окутуу боюнча маселелер талкууланды.

Нургуль Асанова Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен макулдашуунун негизинде Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн окутууну сунуштады.

Мындан тышкары алардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу менен толук кандуу иштөө үчүн шарттарды түзүү боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Аксакалдар сотторунун төрагалары бүгүнкү күндө алардын демилгеси менен аталган соттордун ишмердүүлүгүн  жөнгө салуучу айрым укук-ченемдик актыларга толуктоолорду киргизүү боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн маалымдашты.

Белгилей кетүүчү жагдай, 2019-жылдын  1- январынан тартып  Кыргыз Республикасынын  бузуулар жөнүндөгү Кодекси күчүнө кирген. Анда белгиленген мыйзамдын алкагында Аксакалдар сотторунун   иштерди кароосу  көрсөтүлгөн эмес.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар тарабынан Аксакалдар  сотторунун ишин жакшыртуу максатында  жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташуу жана комплекстүү консультативдик жардамдарды көрсөтүү макулдашылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: