Menu

“Карышкыр” эт жей албай калды деген – не шумдук!

Бөлүшүү:

Кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү коомдук ишмер, публицист, биздин редакциянын Бакай атасы – кадимки эле “Карышкыр” деген каймана ат аркылуу жазган макалалары, маектери менен калың журттун арзуусуна айланган агабыз Сабыр Муканбетов капысынан келе калган балакет оорусунун айынан борбор шаардагы Мамакеевдин атын алып жүргөн ооруканага түшкөнүн угуп, катуу тынчсыздандык. Эки-үч катары менен ашказан-ичегиси ооруп атканын айтып жүргөн. Дарыгерлердин Сабыр байкеге койгон диагнозун жазып олтурбайлы, ага жөнөкөй адамдар, биз, түшүнбөйбүз. Кыскасы, бул оор жана татаал оорудан арылуунун бирден-бир ыкмасы операция жолу менен бүтөт экен. Сураштырып келгенде, операция абдан оор, мындан кийин кайра калыбына келүү убактысы да бир топ өмүрдү алып койчудай. Ары-бери калчап, “Карышкыр” бул операциядан баш тартып, башка мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп көрүүнү чечиптир. Учурда диетаны так сактоо менен алек. Анын эң башкысы – эт-чучук жегенге болбойт тура. Бул жагынан алып караганда, эт жебей калуу “Карышкырга” кыйын эле болот. Ошентсе да, ден-соолук керек болсо, Кудайдын бул берген сыноосуна чыдабагандан башка аргасы жок го…

Баса, жакында 7-ноябрь Басма сөз күнү жакындап калбадыбы… Сабыр Муканбетовдун чукугандай сөз тапкан, адилеттүүлүктү жактаган макалаларын окурмандар ар дайым чыдамсыздык менен күтүшүп, үтүр-чекитин калтырбай окушат. Бул чыгармачылыгы менен кыргыз демократиясынын өнүгүшүнө, демократиялык маданияттын калыптанышына, мамлекеттүүлүктүн бекемделишине өз салымын тынымсыз кошуп келе жатат. Ошону эске алуу менен, бийлик башындагылар Сабыр байкеге Басма сөз күнүн утурлай мамлекеггик сыйлык ыйгарып койсо, оору менен алпуруш аткан киши үчүн, ден-соолугун сурагандай эле кеп болуп калмак…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: