Menu

Зилалиев Чаткалдагы $104 млн турган сурьма кенин $130 миңге Атамбаевдин кытайлык бизнес өнөктөштөрүнө кармата берген

Бөлүшүү:

Экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев Атамбаевге каршы көрсөтмө берген эмес. Бул тууралуу жактоочусу Таалайгүл Токтакунова айтып чыкты. Анын айтымында, Д.Зилалиев тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берип жатып, Терек-Сай кенине лицензия берүүдө Атамбаев эч кандай буйрук берген эмес, бул маселени аны менен талкуулабаган. Ошондой эле Д.Зилалиев Субихи Пархати деген ысымды иш материалдарынан гана жолуктурганын, ага чейин ал киши жөнүндө эч нерсе укпаганын айткан. Терек-Сай кенин иштетүүгө лицензия алган учурда ЖЧКнын жетекчиси Пархати болгон эмес, бир айдан кийин гана жетекчиси болуп калыптыр.

Аскер прокуратурасы тарабынан Геология жана минералдык ресурстар мамагенттиктин мурдагы башчысы Дүйшөнбек Зилалиевге Кылмыш кодексинин “Коррупцияга катыштыгы бар” деген беренеси боюнча кылмышка шектүү делген билдирме берилген.

Атамбаевдин коррупциялык иштерин тергөө учурунда сурма кенин иштетүүгө лицензия алуу максатында, мурдагы президент коррупциялык схемага Д.Зилалиев менен анын статс-катчысы Шерикул Султановду киргизген.

Мыйзамсыз тапшырманы аткарган Зилалиев менен Султанов 130 миң доллар турган жасалма тендер өткөрүшкөн. Натыйжада Атамбаев сүрөгөн “Хуасинь” инвестициялык компания” ЖЧКсы жеңип чыккан. Чаткал районундагы сурма кени 103,6 млн долларды түзөт. Зилалиев лицензияны Атамбаевдин бизнес өнөктөшүнө бердирип жатканы көптөгөн суроолорду жаратат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: