Menu

Түштүк темир жолунда жүк ташуу көлөмү өсүп жатат

Бөлүшүү:

“Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүндө жүк ташуу көлөмү тогуз айдын жыйынтыгы менен кыйла өстү. Бул тууралуу Түштүк бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Орозбек Бостонов билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын тогуз айында 6704 вагон жүк алып келинип, түшүрүлгөн. Түшүрүлгөн жүктүн көлөмү 408 миң 296 тоннага барабар. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2112 вагонго жана 126 миң 194 тоннага көптүк кылат. Башкача айтканда, өткөн жылы тогуз айда алып келинген 4592 вагон жүктүн көлөмү 282 миң 102 тоннага барабар эле. Ошентип, өткөн жылга караганда 146 пайызга өсүү катталган.

Ал эми жүк жөнөтүү жагынан быйылкы тогуз айда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш байкалбады. Өткөн жылы тогуз айда 8088 вагондо 538 миң 971 тонна жүк жөнөтүлсө, быйылкы жылы ушул эле мезгилде 7667 вагондо 524 миң 61 тонна жүк жөнөтүлгөн.

Жетекчи орун басары О. Бостоновдун билдиришинче, өткөн жылдын деңгээлине чыгууга Өзбекстанда кара металлга болгон муктаждыктын азайышы менен бул жактан жөнөтүлгөн жүктүн аз болушу, ошондой эле сыртка нефть продуктыларынын аз жөнөтүлүшү да таасир этти. Ошол эле мезгилде он айдын ичинде жүк жөнөтүү багытында өткөн жылга караганда өсүү азыртан эле камсыз кылынды.

Эске сала кетсек, Түштүк темир жол бөлүмүнө караштуу 101 чакырым темир жол жана 7 темир жол бекеттери бар. Темир жол тармагынын ишин 600дөн ашуун кызматкерлер жөнгө салып турушат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: