Кечээ, 22-октябрда Токмокто 45-50 жаштардагы киши жанын кыйганга аракет жасаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал киши Жантаев көчөсүндө курулуп жаткан тогуз кабаттуу үйдүн чатырына чыгып, секиргенге аракет кылган. Убагында чукул кабар алган төрт куткаруучулар барып, ал кишини жерге түшүрө алышты. Ошол замат милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Эмнеге жанын кечүүгө бел байлаган себеби маалыматта айтылбайт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ